Биринчи май райондук сотунда бүгүн “Ата мекен” партиясынын арызы боюнча шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу сот иши башталып, берилген документтер менен таанышуу үчүн сот иши эртеңкиге жылдырылды. Бүгүнкү сот жараянында “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Ош шаардык шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматтары менен БШКга берген маалыматы дал келбей жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары 16-декабрда саат 18:08 болгон учурда эле “Ата Мекен” үчүн берилген добуштар 0,5 пайыздык чектен ашып түшкөн. Партиянын юристи Эрик Рыскулбековдун белгилөөсү боюнча Ош шаарындагы 82 шайлоо участогунун 81инен алынган маалымат боюнча шайлоо күнү кечки саат 18:00де “Ата Мекен” үчүн берилген добуштар 0,62% түзгөн. БШКнын сотко катышып жаткан өкүлдөрү Ош шаардык шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматтары юридикалык күчкө ээ эмес деген бүтүмүн билдиришти. (ZKo)