Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:43

07:35 Жарандык уюмдар жаңы парламентке бойкот жарыялоо демилгесин көтөрүшүүдө


Бул тууралуу “Таза табият” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, “Интербилим”, “ Демократия жана жарандык коом”үчүн коалициясы, бардыгы болуп он бирден ашуун уюм бул демилгени колдоодо. Бийликтин саясатына нааразы болгон уюмдар эл аралык коомчулуктан БШКны каржылоону, башка өлкөлөр менен болгон парламент аралык байланыштарды жана март айына белгиленген президент Курманбек Бакиевдин Брюссел шаарына боло турган сапарын токтотууну талап кылышканы жатат. “Биз Еврошаркеттен президентти кийирбөөнү талап кылабыз. Президент Бакиевдин Кыргызстандын атынан Брюсселдеги жыйынга барууга моралдык укугу жок”, дейт Анара Дауталиева.(MSu)
XS
SM
MD
LG