Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

КЫРГЫЗСТАН 2007-ЖЫЛЫ БИР КАДАМ АРТКА КЕТТИ


2007-жылы Кыргызстан бир катар көрсөткүчтөр боюнча артка чегинди. Дүйнөлүк банк, Фридом хаус, Транспарэнси Интэрнэшнэл сыяктуу эл аралык уюмдардын статистикасына караганда, сөз эркиндиги болобу, коррупциядабы же тышкы саясатында болсун, 2005-жылы революция жолу менен бийлик алмашкандан бери өлкө артка кетсе кетти, алга жылган жок.

Кыргызстандын бийликтери 2008-жылды Санта Клаустун жылы деп жарыялап, өлкөгө чет элдик туристтерди жана эл аралык инвестицияны тартууга чоң үмүт кылып турган чак. Бирок бизнестин өсүп-өнүгүшүндөгү башкы тоскоолдуктардын бири болгон коррупция илдети кендирди кесүүдө. Коррупциянын деңгээлин иликтеген Транспарэнси Интернэшнэлдин эсебинде, Кыргызстан 2006-жылы дүйнөдө 142-орунда турса, 2007-де 150-орунга түштү. Ишкердүүлүккө түзүлгөн шарттардан алып караганда да өлкө тескерисинен кеткен. Дүйнөлүк Банк Кыргызстанды 2006-жылы 88-орунга койсо, кийинки жылы 94-орунга артка жылдырды.



Ошого карабастан, жергиликтүү ишкерлер келечекке үмүттүү карашууда. Бишкек бизнес клубунун демилгеси менен 2008-жылы парламентте жеңилдетилген салык кодекси каралмакчы. Бул долбоор кабыл алынып калса, өз дүкөнү бар жана башка майда жана орто ишкерлер үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн салык ставкасы жана отчеттун жеңилдетилген формасы киргизилет.

- Мисалы сиздин дүкөнүңүз болсо, салыктын так жана анык ставкасы болот. Ошондой эле отчeттуулук жөнөкөйлөштүрүлөт,-дейт Бишкек бизнес клубунун директору Улук Кыдырбаев.

Кыргызстанда 2005-жылы төңкөрүш жолу менен бийликке келген Курманбек Бакиев коррупцияга каршы күрөштү өз администрациясынын башкы максаттарынын бири деп жарыялаган. Бирок президенттин бир туугандарынын Германияда жана Кытайдагы элчиликтерде иштегени, дагы бир агасы менен уулунун бай ишкерлер экендиги "Бакиев экс-президент Акаев сыңарында үй-бүлөлүк башкарууга өттү" деген айыптоолорго жем таштады.

Ал эми саясий туруксуздук коррупцияга каршы күрөштөн алагды кылып, маалымат каражаттары атаандаштардын саясий жана экономикалык бийлик үчүн күрөшү күч алгандыгын белгилешүүдө.

Бизнестеги анти-коррупциялык порталдын белгилешинче, Кыргызстандагы саясий бейстабилдүүлүк, өлкөнүн коңшуларындай ашып-ташыган жаратылыш байлыктары жок экендиги, климаты катаал, кан жолдордон алыс жайгашканы менен катар, мамлекеттик тармакта коррупциянын гүлдөп-өсүшү өлкөнүн экономиканын өнүгүшүнө кедергисин тийгизүүдө. Бизнес жетекчилери убактыларынын 8 пайызын салык инспекторлору жана башка мамлекеттик текшерүүчү, тескөөчүлөргө жумшашат. Мыйзам, эрежелер такталбагандыктан, ишкерлер салык төлөбөстөн, пара берип, көлөкө экономикада кала бергенди артык көрүшөт. Ал эми чыдамы түгөнгөндөр коңшулаш Казакстанга өтүп кетишүүдө.

Аталган уюмдардын статистикасына ылайык, бизнеске түзүлгөн шарттардан алганда Борбор Азияда эң оор абал Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстанда, эң мыкты абал Казакстанда. Ал эми Кыргызстан ара жолдо. Ошого карабастан, Бишкектеги Бизнес клубдун жетекчиси 2008-жаңы жылда майда жана орто ишкерлерге жагымдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп ишенет. Улук Кыдырбаевдин айтымында, банк системасынын өнүгүшү ишкерлердин карыз алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтмекчи.

Ал эми сөз эркиндигине келсек, бул жаатта да Кыргызстан 2006-жылга караганда артка чегинди. Америкалык Фридом Хаузтун изилдөөсүнө ылайык, өлкө 2006-жылы 194 өлкөнүн ичинен 137-орунда болсо, 2007-жылы 147-орунга түштү.

Борбор Азиянын калган өлкөлөрүн алсак, Өзбекстанда кырдаал дээрлик өзгөрбөстөн 189-орунда калды. Казакстан менен Тажикстан да 165-166-орундарда кала беришти. Бир гана Түркмөнстанда абал жакшырып, өлкө 190-орундан 181-орунга көтөрүлдү.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG