“Акыйкат үчүн” коомдук уюмунун уюштуруу комитети алдыдагы конференцияга даярдануу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттин мурдагы депутаты Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, жаңы жылдан кийин Бишкекте өтүүчү конференцияда 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо, Кыргызстандын бүгүнкү абалы жана келечектеги саясатына анализ жасалып, парламенттин легитимдүүлүгү жөнүндө маселе козголот. (AJ)