Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: ПАРТИЯЛЫК КООМ ТҮЗҮЛҮШ КЫРГЫЗДЫН КУЛК-МҮНӨЗҮНӨ ЖАТ


Кыргызстанда мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов партиялык тизме менен парламент шайлоону элди экиге бөлүп жарган, улуттук биримдикти урата турган чоң коркунуч катары сынга алган билдирүү менен чыкты. Анын ишениминде, өткөн парламенттик шайлоо кыргызды түндүк-түштүк кылып бөлүп жарып койду. Ошондуктан Кыргызстан сырттан таңууланган саясий технологиялардан баш тартып, мамлекетти башкаруунун кыргыздын өзүнө таандык улуттук жолуна кайтып барышы керек. Бул үчүн Баш мыйзамга Элдик курултай жана Улуттук Кеңеш институтун киргизип, мамлекетти башкарууга элдин түздөн түз катышуусун камсыз кылуу абзел. Улуттук Кеңеш Дастан Сарыгуловдун сунушу боюнча кыргыздын оң-сол-ичкилик канаттарынын тең укуктагы катышуусунда уюштурулганда гана ал улуттук биримдикти чыңдоочу күч боло алат. Мурдагы мамлекеттик катчынын демилге сунуштары бүгүнкү Кыргызстанда мамлекет башкарууну өркүндөтүү үчүн канчалык алгылыктуу? Улуттук өзгөчөлүктөргө негизделген коомдук-саясый түзүлүштүн Кыргызстан үчүн ийгиси кайсы, ийриси кайсы?

Тектеш

XS
SM
MD
LG