Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

НУРЖАМАЛ БАЙБОЛОВА: ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ ЖЕКЕ БАСАР БАШКАРУУГА ЖОЛ АЧАТ


Венеция комиссиясы Кыргызстандын 21-октябрда референдумда кабыл алынган жаңы Конституциясын изилдеп чыгып, президенттин ыйгарым укуктары жазылган бөлүктү катуу сынга алган. Анда “мыйзамды жазган адамдар дүйнө жүзүндөгү болгон бардык Конституциялардагы президентке тиешелүү ыйгарым укуктардын бардыгын чогултуп туруп Курманбек Бакиевге тартуулашкан”,- деп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаар кеңешинин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Венеция комиссиясы парламент өз алдынча иштебестигин, жаңы Конституция жеке башкарууга жол ачышы мүмкүндүгүн баса белгилеген.

- 2007-жылы 14-15-декабрда булардын 73-пленардык заседаниеси болуп, ошол жерден Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын тексти боюнча ушул корутунду кабыл алынган. Анда ноябрдагы жана январдагы кабыл алынган баш мыйзамдын кээ бир жетишкендиктерин камтуу менен бирге жаңы Конституцияда кемчиликтер көбүрөөк экени белгиленген. Эң негизгиси жаңы Конституциянын негизги чокусу - мүмкүн болгон мыйзамдык каражаттар аркылуу президенттин башка бийлик бутактарынан артыкчылыгын орнотуу болуп эсептелет. Бул Кыргызстан жакынкы учурда кутулабыз деп аракет кылган авторитардык традицияга дал келип атат. Андан тышкары бул корутундуда Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жөнүндө айтылган. Жогорку Кеңеш азыркы иштеп аткан Конституциянын негизинде өз алдынча бийликтин бутагы болуп эффективдүү иштей албайт деп баса белгиленген. Андан тышкары өкмөт президенттен толук көз каранды деген жыйынтык чыгарылган. Эң негизгиси корутунду жагында айтылган: бул Конституция өтө татаал жана жөнөкой эмес юридикалык абалда кабыл алынган, бир айдын ичинде бул чоң материал жарыяланган дагы бир айга жетпеген учурда Кыргызстандын калкы ошол Баш мыйзамга өзүнүн жообун бериш керек болчу бар, же жок деген. Референдумдун кандай өткөнүн барыбыз билебиз. Бирок Венециялык комиссия менен кыргыз бийликтеринин ортосунда болгон талкуулар эске алынганда 3-4 гана учурлар камтылган дагы, калганынын баары акыбалды өтө оорлоткон.

-Нуржамал айым, сиз буга чейин жетишкендиктер менен катар дедиңиз. Кандай жетишкендиктери белгиленет?

- Жетишкендиктери булар. Бул адамдык камап алууну прокурор эмес, сот чечиш керек деген талап болгон, бул камтылган. Анткени ноябрдагы Конституцияда бул норма бар болчу. Өлүм жазасын жоюу, сотторду отставкага чейин мөөнөтсүз шайлоо жана соттордун кеңешинин түзүлүшү. Ушул төрт гана негизги жетишкендиктер камтылган. Анан корутундусунда болсо мындай деп жазылган: “Президент өзүнүн укугун, өзүнүн бийлигин узартам десе президентке тоскоолдук жокко эсе. Оппозициянын болсо үнүн угуузуга көп деле мүмкүнчүлүгү жок. Мунун акыры бийликти мыйзамдуу түрдө эмес, революциялык жол менен алмашуусу толук мүмкүн”.

- Сиз бул Кыргызстандагы кырдаалды ичинен билесиз, чындап эле дагы бир ыңкылап болушу мүмкүнбү?

- Азыр мындай болуп атат, конструктивдүү оппозиция керекпи биздин бийликке деп сурап атышат. Биздин бийликке эч кандай оппозициянын кереги жок. Биздин бийлик алардан башкачаарак ойлогон адамдардын оюн да уккусу келбейт. Бирок коомдо шайлоодон кийинки болгон окуялар, элдин арасында жүрүп аткан талкуулар Венециялык комиссиясынын кортундусунан анчалык деле айырмаланбайт.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG