Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

ӨТКӨН ЖЫЛ КАБАРЧЫЛАР ЖУРТУНА КАРА ЖОЛТОЙ ЖЫЛ БОЛДУ


“Чекарасыз кабарчылар” уюму былтыркы жылды дүйнө жүзүндөгү журналисттер үчүн жаңы кылымдагы ары каралуу,ары кооптуу жыл болду деп баалады. Былтыр ар кайсы өлкөлөрдө 86 кабарчынын өмүрү кыйылды, күн сайын дүйнөдө экиден кабарчы кармалып же камалып турду, алардын көбү азыр түрмөлөрдө отурушат.

Былтыр жалпы эсепте 2002-жылга салыштырганда дүйнөдө курман болгон кабарчылардын саны эки эсе көп болду. Алардын теңинен көбүн – 48ин жалаң Жакынкы Чыгышта жайран кылышты. Азияда – 17, Африкада – 12 журналистти тындым кылышты.

Уюмдун отчетунда кабарчылар үчүн эң кооптуу өлкө деп Ирак аталат,бир эле ушул өлкөдө былтыр карасанатай ар кандай күчтөр 47 журналисттин түбүнө жетишти. Андан соң Сомалиде – сегиз, Пакистанда – алты кабарчынын көзүн тазалашты. Европада жана экс-совет аймагында, атап айтканда, Кыргызстанда бирден кабарчы киши колдуу болушту.

Оштук журналист Алишер Саиповдун (сүрөттө) өлүмүнө байланыштуу кыргыз президентинин басма сөз катчысы ишти мамлекет башчысы жеке көзмөлүнө алганын,аны териштирип чыгууну өз кеңсесиндеги жооптуу кызматкерге табыштаганын айткан эле. Бирок кабарчынын өмүрүнө кимдер забын болгону алиге чейин ачыла элек.

“Чекарасыз кабарчылар” уюмунун өкүлү Жан-Франсуа Жуляр дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө журналисттерге жасалган кыянаттар адатта бети ачылбай каларын, мунун өзү маалымат каражаттарына,алардын кызматкерлерине кесенген ар кандай кесептер, кылмышкерлер үчүн өзүнчө эле демөөр болуп жатканын белгиледи. Журналисттер журту адатта коопсуздук жагынан жакшы корголбогон, эл арасында эркин жана жалгыз-жарым жүрүп иштеген кесип ээлери экенин билген кара өзгөй күчтөр аларды коркутуп-үркүтүп,уруп-сабап, атүгүл өлтүрүп кетсе да сураксыз жана жазасыз калышарын бөркүндөй көрүшөт, дейт Жуляр.

Кабарчылар менен бирге былтыр басма сөз эркиндигин колдогон же коргогон уюмдардын 20 кызматкери да киши колдуу болушту. Мындан тышкары жаңжалдуу аймактарда иштеген журналисттерди барымталап алмай адат күч алды. Өткөн жылы 135 кабарчы ушундай ыкыбалга туш болду.

“Чекарасыз кабарчылардын” эсебинде былтыр дүйнөдө күн сайын экиден журналист кармалып же камалып турду. Пакистанда, мисалы,195, Кубада – 55, ал эми Иранда 54 журналист абакка салынды. Алардын көбү дале түрмөдөн чыга элек.

Былтыр өкмөттөр “кибердиссиденттерге” каршы өзгөчө катуу күрөш ачышты. Интернет форумдарында жана блогдордо жергиликтүү бийликтердин саясатын сынга алган 65 адам ушу тапта абакта жатат. Жыл ичинде 2,5 миңден ашуун блогдор, форумдар жана вебсайттар жабылды. Интернет чөйрөсүндө айрыкча Кытайда катаал цензура киргизилди. Бул өрнөктү Казакстан да колдонду.

“Чекарасыз кабарчылар” уюму саясий, диний жана экономикалык топторго,алардын ичинде Евросоюз менен Улуттар Уюмуна кайрылып, журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууда өздөрүнүн аброюн, таасирин чечкиндүү пайдаланууга чакырат.
XS
SM
MD
LG