Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

18:02 Бишкек пресс-клубу жылдын мыкты он журналистин атады


“Кесибине жанын аябагандыгы үчүн” номинациясы боюнча сыйлык “Сиесат” гезитинин башкы редактору маркум Алишер Саиповго каза болгондон кийин ыйгарылды. “Журналисттердин укугун коргогондугу үчүн” Медиа өкүлдөрү институтунун директору Илим Карыпбеков сыйланды. “Калыстык үчүн” номинациясына “Азаттыктын” кабарчысы Бекташ Шамшиев татыктуу болду. “Кесипкөйлүүлүк үчүн” сыйлыгын Би-би-си кызматынын кабарчысы Султан Жумагулов алды. Бир катар медиа өкүлдөрүнө “Оперативдүү иштери үчүн”, “Кесибине берилгендиги үчүн”, “Журналисттик иш чараларыды мыкты уюштургандыгы үчүн” номинация боюнча сыйлыктар ыйгарылды. Бишкек пресс-клубу мындай иш чараны жылыга уюштура турган болду. Коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев журналисттерди куттуктап, Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын журналистикасы жогорку деңгээлде экенин баса белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG