Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

ЕККУга БЫЙЫЛ КЫЙЫН БОЛЧУДАЙ


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна быйыл кыйын болчудай. Байкоочулар Орусия мурдагыдай эле бир катар талаш-тартыштардын демилгечиси болот деп болжолдошот. Уюмга төрагалык кылуу кезмети 1-январдан тартып Финляндияга өттү.

ЕККУ менен Орусиянын ортосундагы мамилелер бул уюмдун отуз жылдык тарыхында эч качан сыдыргыга салгандай сыйда болгон эмес. Өзгөчө акыркы жылдары Орусия экономикалык каркынын чыңдап, дүйнөлүк иштерде сүбөөсүн көрсөткөнгө жарап алган соң уюмга сүрүн салып, ага кырданып карай баштады. Былтыркы парламенттик шайлоого уюмдан чакталуу сандагы байкоочуларды гана чакырып, аларга да шыр виза бербей, акыры ЕККУ өз миссиясын жөнөткөндөн баш тартты. Президент В.Путин муну уюм АКШнын кеңеши менен жасады деп сынга алды. Быйыл марттагы президенттик шайлоого уюм чакырык алабы, алса канча сандагы байкоочу келет, бу жагы да дайын эмес.

Уюмдун өкүлү Мартин Незирки былтыр февралда Мюнхендеги эл аралык коопсуздук конференциясында президент В.Путин батыштагыларды, айрыкча АКШны дүйнөгө өз эркин таңуулап жатат деп катуу айыптагандан кийин алакалар ого бетер кыйгыл тартып кеткенин эске салды. Февралдан тартып ЕККУнун ишине байланыштуу өгөй-татай кептер өзгөчө көп айтыла баштады. Кырдаал чиеленип баратканын Орусия менен башка өлкөлөр, алардын ичинде АКШ жана НАТОлук мамлекеттер ортосундагы мамилелерден да байкаса болот, дейт ал.

Жаңы жыл алдында эле орус тышкы иштер министринин орунбасары Александр Грушко ЕККУну системалык кризистен чыга албаганы үчүн сынга алды жана Орусия уюмдун бюджетине кошо турган акчалай үлүшүн кыскарта турганын эскертти.

ЕККУнун жылдык бюджети 168 миллион еврого барабар. Москванын үлүшү мунун алты пайызын түзөт. Бирок анын таасир-үйүтүнө кирген постсоветтик бир катар өлкөлөр да бул маселеде уюм менен соодалаша баштады.

Орусиялык саясий аналитик Евгений Волк мунун баарын эң ириде ЕККУнун постсоветтик аймактагы, анын ичинде Орусиядагы шайлоо өнөктүктөрүндөгү байкоочулук озуйпасы менен байланышкан проблема деп эсептейт. ”Менимче, уюмга кошор акысын кыскартып, Орусия ЕККУнун ишине коомуту толбой жатканын көрсөтүүнү, ага кысым жасоону көздөп отурат”,- дейт орус эксперти.

Быйылкы жылы уюмга Финляндия төрагалык кылат. Хелсинкиде таркатылган билдирүүдө жаңы төрага уюмга кирген өлкөлөрдүн мүчөлүк милдеттерине жана алардын кынтыксыз аткарылышына жетишүү маселесин башкы планга койгону жатканы белгиленди. Буга байланыштуу хелсинкилик журналист Кари Хухта финдердин жетекчилиги астында уюмдун күн тартибиндеги милдеттер арасында Орусияга байланышкан маселе башкы орунда болот деп болжолдойт. Эмнеге дегенде Финляндия географиялык жактан гана эмес, саясий, экономикалык жактан да Орусияга жакын турат. Ошондуктан Хухта өз коңшусуна Хелсинки кантсе да таасирин тийгизе алат деп ишенет.

XS
SM
MD
LG