Сухарто жума күнү аз кандуулук жана ички органдарында шишик бар деген шек менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, ушул тапта 86-жаштагы Сухаротонун саламаттыгы абдан начар. Сухарто Индонезияны 32 жыл башкарган. 1998-жылы экономикалык жана саясий кризистин натыйжасында бийликтен кеткен.