Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Еврокеңеш грузин элин демократия жараяндарын урматтоого чакырды


Грузиядагы президенттик шайлоодон кийин пайда болгон чыңалууга байланыштуу Еврокеңештин жетекчиси Тэрри Дэвис грузин элин жоопкерчиликке жана демократиялык жараяндарды урматтого чакырды. Терри Дэвистин айтымында, эгерде оппозиция лидерлери шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн далилдей алса, анда мындай фактыларды эл аралык байкоочуларга көрсөтүшү керек. Чет элдик байкоочулар президенттик шайлоо айрым мүчүлүшүктөр менен өткөнүн, бирок жалпысынан шайлоо демократиялык стандарттарга жооп бергенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG