Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

КАМБАРАТА КӨЧҮ БАШТАЛДЫБЫ?


Камбарата ГЭСтеринин курулушунун техникалык экономикалык негиздемесин түзүү боюнча конкурсту Электрик де Франс менен ПрайсВатерХаусКуперс фирмалары жеңип алды. Конкурс декабрь айынын аягында Москвада өткөрүлгөн. Ага жалпысынан үч компания катышкан.

Мурдагы Жогорку Кеңеш «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизип, анын алкагынан Камбарата ГЭСтерин чыгаргандан кийин жаңы ГЭСтерди куруунун техникалык экономикалык негиздемесин түзүү үчүн тендер жарыяланган. Күз айларында өткөрүлгөн алгачкы тендер натыйжасыз аяктаган. Андан кийин экинчи ирет тендер жарыяланып, ага Электрик де Франс менен ПрайВатерХаусКуперс биргеликте, алардан сырткары британиялык Мотт МакДональд Лимитед жана Канаданын СНК-ЛАВАЛИН Интернешнл инк компаниялары катышкан. Конкурстун жыйынтыгын Кыргызстандын «Электр станциялар» ачык акционердик коому, Россиянын «Интер РАО ЭЕС» жабык акционердик коому жана Казакстандын «Казкуат» акционердик коому жыл соңунда жарыялап, анда Электрик де Франс менен ПрайсВатерХаусКуперс жеңип алганын ачыктаган.

«Кыргызнефтитрейдерлер бирикмесинин» башчысы Базарбай Мамбетовдун маалыматы боюнча, Электрик де Франс менен ПрайсВатерХаусКуперстин эмгеги үчүн кыргыз тарап 6 миллион доллар төлөп бериш керек. Бул өтө чоң сумма. Ал Кыргызстан бюджети үчүн дагы оорчулук келтирет.

Бирок Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Райымбек Мамыров тендерди утуп алган компаниялардын дүйнөлүк атакка ээ экенин белгилеп, буларга токтолду:

-Техникалык экономикалык негиздемени ушул эки компания иштеп чыгып бере турган болсо-анда бул экөө тең дүйнөгө атагы чыккан компаниялардан. Алар даярдаган документтерге инвесторлордун баары чын эле ошондой экен деп баа беришет. Анткени аларга элдин баары ишенет. Ошон үчүн бул жакшы жумуш болду деп эсептеймин.

Райымбек Мамыровдун айтымында, 6 миллион долларды бул эки компанияга Кыргызстан өзү төлөп берет жана муну Камбарата ГЭСтерин куруунун башталышы деп атаса болот.

Физика-математикалык илимдеринин кандидаты Бекташ Илиязовдун айтымына караганда, Камбарата ГЭСтерин куруу боюнча иликтөө иштери СССРдин убагында эле жүргүзүлгөн. Долбоорлоо иштери менен катар

ГЭСтин жер титирөөгө туруштук берүү мүмкүнчүлүгү да каралган:

-Камбарата-1, Камбарта-2 ГЭСтеринин курулуш участокторунун сейсмикалык жактан коркунучтуулугу иликтенген. Ал биздин иликтөөлөрдө белгиленген. Мына бул китепте корутунду да турат. Ал боюнча туруктуулугу 8 баллга чейин деп белгиленген. Эгерде Рихтердин шкаласы боюнча 8 балл болсо мүмкүн эмес. Анда курулуш жүргүзүү кыйын болуп калат. Биздин бергенибиз 12 шкалалуу советтик долбоорлоо институттары иштеп чыккан шкала. Ал боюнча 8 баллда курулуш жүргүзүү коркунучтуу эмес.

Ошентип, тендерде жеңип алган компаниялар менен эми техникалык экономикалык негиздемени түзүү боюнча келишим түзүлүп, андан кийин Электрик де Франс менен ПрайсВатерХаусКуперс долбоорлоо ишине киришмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG