Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

РОЗА ОТУНБАЕВА: КМШ ӨЛКӨЛӨРҮ ЧОҢ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ОЮНЧУГУ БОЛБОШУ КЕРЕК


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Грузиядагы президенттик шайлоо жана анын жыйынтыктары тууралуу убагында Улуттар уюмунун атайын тапшырмасы боюнча Грузияда иштеп келген Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

Роза айым, Грузияда өткөрүлгөн чукул президенттик шайлоо канчалык деңгээлде демократиялык стандарттарга жооп берди?

Биз сырттан байкап отурган адамдарбыз: радиодон угуп, телевидение, интернеттен карап отурабыз. Грузияда 3 миң шайлоо чөлкөмдөрү болуптур. Ошол 3 миң шайлоо чөлкөмдөрүнө миңден ашуун эл аралык байкоочулар келишти. Алардын айтымында, шайлоо таза жана акыйкат өттү. Менимче, бул маалыматка ишенүү керек. Себеби, мына ошон үчүн чакырылат эл аралык байкоочулар. Бирок чын шайлоо болду дегенде бул шайлоо канчалык туура эсептелди деген мааниде түшүнөбүз да. Ошон үчүн байкоочулар, БШК өзүнүн баасын берип жатат. Ага караганда, Саакашвили утту. Бирок биз биринчи алдын-ала сурамжылоо - “exit-pool” дегендин баасын угуп калдык, алардын бири боюнча Гачечиладзе уткан болчу. БШКнын азыр эсептеп, онлайн түрүндө, адамдар көрүп, 3-4 күнгө созбой, жыйынтыкты ошол эле күнү чыгарганына караганда, бул чын шайлоого окшош болуп жатат. Мен ойлойм, ошол эле убакытта бул акыйкат шайлоого окшошпойт. Анткени, көп байкоочулар айтып жатышты, Саакашвили мүмкүнчүлүктөрүн өз кызыкчылыгына пайдаланды. Мына президент болуп туруп, 5-январга шайлоону белгилегени бул абдан эле шайлоочуларга ыңгайсыз болду. Ошон үчүн шайлоого 50 пайыз эле добуш берүүчү келди. Акыйкаттык түрдө өттү дегенден алысмын. Административдик ресурс колдонулду деп оппозиция айтып жатат. Бирок ошол эле убакытта Грузияда биринчи жолу мурунку Советтер союзу республикаларынан арасынан президент өзүнүн ордунан такыр кетип, шайлоого кайрадан катышты.

БУУнун өкүлү катары эки жылга жакын Грузияда иштедиңиз. Ошол жерде сиздин санаалаш адамдарыңыз дагы калса керек. Алардын баамында, Саакашвилинин бийликке келиши менен өлкөдө кандай саясий-экономикалык өзгөрүүлөр болгон экен?

Көп политологдор, саясатчылар бар тааныштар арасында. Интернеттен дагы маалыматтарды карап турабыз. Саакашвили бийлике келгенден бери Грузияда абдан маанилүү жылыштар пайда болду. Мына президенттердин арасынан казак президенти Нурсултан Назарбаев биринчи болуп Саакашвилини жеңиши менен куттуктады. Анткени, Казакстан Грузияда биринчи инвестор болуп эсептелет. Россия, АКШ бул жакта эле калып калды. Грузияда көп жумушчу орундар пайда болуп жатат. Курулуш иштери жүрүүдө. “Тбилисини тааныбайсыңар”,-деп жатышат. Жалаң эле Тбилиси эмес башка шаарларда дагы ушундай көрүнүштөр бар. Мына мунай куурлары Грузия аркылуу өтүп жатат. Грузия аркылуу Түркияга өткөн Азербайжандын мунайы кууру стратегиялык мааниге ээ. Бул болсо дүйнөлүк геосаясатта абдан маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан Орусия менен АКШ ортосунда Грузия үчүн чоң жарыш-күрөш болуп жатат.

Мына сиз дагы айткандай, батыштын байкоочулары шайлоо негизинен демократиялык стандарттарга жооп бергенин айтса, Орусиянын байкоочулары болсо, шайлоодо административдик ресурстар колдонулуп, бурмалоолор болгонун айтты. Буга кандай дейт элеңиз?

Мен акыркы сөзүм менен байлап кетет элем. Тилекке каршы, мурунку Советтер союзунун өлкөлөрү чоң өлкөлөр ортосунда оюнчук болуп жатабыз. Геосаясаттык күрөштө бизди топтой ары-бери тээп, пайдаланып жатканын көрүп жатабыз. Карап көрүңүз, шайлоого миңден ашуун байкоочулар келди. Алардын арасында КМШнын байкоочулар бар. Алар шайлоо акыйкат өттү деди. ЕККУ канчалык бурмалоо болбосун, болду, ошондо дагы демократиялык негизге жакын өттү деди. 2 күн болду, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн баасын берди: административдик ресуртар пайдаланылды, оппозициялык лидерлер кысымга алынды, азыркы шайлоонун жыйынтыктары шашма түрдө чыгарылды деген терс баасын берди. Бул болсо, мына ошол Грузия болсунбу, эртең Кыргызстанда АКШнын аба базасы тууралуу сөз болобу, мына ушуну чоң өлкөлөр өз кызыкчылыгына бурмалап жатканына күбө болобуз. Ошондуктан ар кимибиз тагдырыбызды өз колубузга алып, өзүбүзгө ээ болуп, шайлоодон-шайлоого чыңдалып, алдыга кетсек, демократияны үйрөнсөк, өзүбүздүн улутубузду, намысты унутпасак, ошондо мен ойлойм, биздин балдар бир күнү акыйкаттуу, чын шайлоого ээ болушат.

Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG