Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

ООМАТ КАЙРАДАН ОБАМАГА ТИЙЧҮДӨЙ


АКШнын Нью-Гемпшир штатында бүгүн республикачылар менен демократтар президенттикке талапкерлерин тандоо үчүн ички партиялык шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүшөт. Коомдук пикирдин көрсөткүчтөрүнө караганда демократтардан сенатор Барак Обама өзүнүн партиялаш негизги атаандашы Хиллари Клинтондон бу жолу да алдыга чыкчудай. Ал эми республикачылардан биринчи орун сенатор Жон Маккейнге тийчүдөй түрү бар.

АКШнын мурдагы биринчи айымы,азыркы сенатор Хиллари Клинтонду маалымат каражаттары менен саясий жорунчулар журту былтыртан бери эле демократтардын талашсыз талапкери, атүгүл Ак үйдүн эмдиги айныксыз “кожойкеси” кылып атыктырып салышкан болчу. Бирок Айовадагы биринчи шайлоону ал өз партиялашы, жаш сенатор Барак Обамага уттуруп койду.

Нью-Гемпширде мурдагы биринчи айымга жан тарткан жергиликтүү активисттердин бири шайлоо жарышынын ушунчалык мүшкүл-түйшүгүнө кантип түткөнүнө кызыгып суроо берди эле, демейде жаалдуу көрүнгөн Хилларинин көзү жашылданып, үнү каргылдана түштү. “Айрымдар шайлоону оюн деп ойлошот,бирөө өйдөлөсө, бирөө ылдыйлаган иштей көрүшөт. А чындыгында кеп жалпы өлкө,балдарыбыздын тагдыр-таалайы, көңкү баарыбыз тууралуу жүрүп жатат”,- деп айтты Хиллари Клинтон.

Деген менен социологиялык кызматтар бул штатта да демократтардын ичинен биринчиликти Хиллариге эмес,анын башкы атаандашы Обамага ыйгарып жатышат. Болжолдо Хиллари андан 10 процент артта калчудай. Демократтардын дагы бир талапкери Жон Эдвардс үчүнчү орунга сүрүлүп түшчүдөй.

Ал эми республикачылардан сенатор Жон Маккейн бу жолу башкы мөөрөйдү алат деп жатышат. Жергиликтүү активисттердин колдоосуна шыктанган сенатор кечээ: “ Эртең Нью-Гемпшир штаты кайрадан Кошмо Штаттардын эмдиги президентин тандады деп айта турган күн болот”,- деп билдирди.

Кокус коомдук пикирдин көрсөткүчтөрү жаздым чыкпаса,анда Маккейн өз партиялашы Митт Ромниден 5 процент көп добуш алчудай түрү бар. Калган талапкерлер, алардын ичинде Айовада биринчи орунга жеткен Майкл Хаккаби да үчүнчү орундан ары калат көрүнөт.

Нью-Гемпширдеги праймеризди көпчүлүк талапкерлер белгилүү өлчөмдө тагдыр аныктоочу шайлоо катары кабыл алышат. Дал ушул жерде утуп чыккан талапкерлердин көбү кийин президент болушкан. Бирок бул салтты эки ирет – биринчи жолу Билл Клинтон, андан соң азыркы президент Жорж Буш бузушкан. Праймериз маалында бу жерде Буштун да жолу болгон эмес. Ал эми Клинтон 1992-жылдагы биринчи шайлоо өнөктүгүндө Айовада,Нью-Гемпширде,аларга кошо дагы төрт штатта уттуруп жиберген. Жоржия штатындагы шайлоодон кийин гана анын саясий ташы өргө кулай баштаган.

Билл Клинтон аялы Хиллари өткөн аптада Айовада утулуп калганда өзүнүн ошо өткөндөгү сабагын эстеп, бул процессти коноо жарышка салыштырды жана арыбаган, талыбаган талапкер гана маарага жетерин эскертти.

XS
SM
MD
LG