Шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыздоо жана добуш берүүнүн жүрүшүн ачыктоо максатында автоматташтырылган маалымат системасы киргизилген. Шайлоо кодексинде бул системанын иштөө тартиби тууралуу атайын берене бар. Айрым иликтөөчүлөрдүн баамында бул система бул жолку шайлоо учурунда эле эмес, буга чейин деле өзүн актабай келген. БШК 16-декабрда чукул өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо автоматташтырылган маалыматтык системасы добуш берүү учурунда иштегендигин, бирок жыйынтык чыгаруу мезгилинде иштебей калгандыгын билдирген. БШК мүчөсү Акылбек Сариевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча автоматташтырылган маалымат системасынын күндүзү берген маалыматы менен аягында чыгарылган жыйынтык дал келбей калган:
-Жыйынтыкка келгенде бузулду деп, биздин төрайым чала-була жооп берип койбодубу. Ага чейин түз эфир аркылуу ошол автоматташтырылган системадан алынган маалымат деп, элге берилип аткан. Андагы маалыматтар менен акыркы маалыматтардын ортосунда өтө чоң айырма болуп калбадыбы.
Акылбек Сариевдин айтуусунда бул система мурдагы шайлоолордо жакшынакай эле иштеп келгендигин да белгилеп кетти.
“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы 16-декабрдагы шайлоодо Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарында байкоо жүргүзгөн. Аталган коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтуусунда автоматташтырылган маалыматтык система добуш берүү учурунда деле иштегени байкалган эмес. Динара айым системанын үзгүлтүксүз иштөөсү БШК жетекчилигине жана бийликке жакпайт, ошондуктан маалыматтык системанын иши шайлоо күнү атайын үзгүлтүккө учуратылды:
-Шайлоо учурунда добуш берүүнүн жүрүшү менен ар бир кыргызстандык тааныша алат, деп кодексте жазылып турат. Демек система иштебеген учурда сөзсүз түрдө бурмалоо болот.
Динара Ошурахунова автоматташтырылган маалыматтык система өз милдетин аткарбаган соң, аны шайлоо системасынан да, кодекстен да алып салуу керек, деп эсептейт. Анын айтымында шайлоо кодексинин 49-беренеси эл аралык уюмдар үчүн бетке кармаар көрсөтмө гана бойдон калууда.
Кодексте жазылган тартип боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жана шайлоонун натыйжасы тууралуу автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар алдын ала маалымат катары гана саналып, юридикалык күчкө ээ эмес. Бирок шайлоо комиссиясынын протоколуна автоматташтырылган маалымат системасынан алынган маалыматтар сөзсүз түрдө тиркелүүгө тийиш, деп жазылып турат.
“Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев 16-декабрда үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу барып, өз партиясына добуш берген. Натыйжада ал участоктон “Эркиндик” партиясы 1 гана добуш алган деп жыйынтык чыгарылган. Бул учурду белгилеген Топчубек Тургуналиев бийлик кааласа эч кандай системасыз эле шайлоонун жыйынтыгын өзү каалагандай бурмалап алат, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:
-Бул система туура эмес берип, атат. Ага вирус кирип кетти деген шылтоо менен системанын туура берген маалыматын деле бурмалап коюшат. 16-декабрдагы шайлоодо болуп көрбөгөндөй бурмалоолор жасалып, “Акжол” партиясынын пайдасы үчүн демократиянын эң бир жөнөкөй жоболорунан баш тартуу болду да, -дейт Топчубек Тургуналиев.
Көз карандысыз жана айрым эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕККУнун байкоочулары 16-декабрдагы парламенттик шайлоодо түрдүү мыйзам бузууларга жол берилгендигин билдиришкен.