Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

ОСМОН АРТЫКБАЕВ: ПАРЛАМЕНТТИН ТАБИЯТЫ ӨЗГӨРДҮ, ЭМИ ИШТӨӨ ЭРЕЖЕСИ ДА ӨЗГӨРӨТ


Жогорку Кеңештин регламентке өзгөртүү киргизүү долбоору эки күндөн бери талкууланып жатат. Андагы депутаттардын укуктары боюнча сунушталган жаңы өзгөртүүлөр ар кандай суроолорду жаратууда. “Азаттык” ушул регламент маселеси боюнча эмне жаңы өзгөрүүлөр сунушталып жатканын чечмелеп берүүсүн Социал-демократтар партиясынын шайланган депутат Осмон Артыкбаевден суранды.

- Учурда регламент боюнча жүрүп жаткан талкууларда талаш-тартыш эмнеден чыгып жатат?

- Жаны Конституциянын негизинде парламент жаңы негизде түзүлдү. Парламенттин табияты өзгөрдү. Мурун мандатты бир депутат алса, азыр мандатты партия алды. Ошонун негизинде регламентке өзгөртүүлөр болуп атат. Ошонун долбоорун боюнча кечээ угуу болду, ошону талкууга алып атабыз. Бизге сунуш кылган регламентте бир топ жаңы нерселер бар. Ошондой эле кээ бир жактарын түзөтүүгө туура келип атат. Ушул парламенттик угууда ушул маселерди кызуу талкуулап атабыз.

- Мисалы, сиз мүчө болгон Социал демократтар партиясынын бир топ депутаттары айтып атышпайбы, жалпы пленардык жыйында уруксаты жок, сүйлөөгө төраганын, фракция жетекчилеринин жана долбоор сунуштаган депутаттардын гана укугу бар, калган депутаттар фракциялардын уруксаты менен гана сүйлөй алышат деп жатышат. Ошол эле учурда аптасына эки эле жолу жалпы жыйын болот, калган учурларда фракция комитеттерде иштейт деген. Ушуларга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул өтө туура. Иштин көбүн комитеттерде талкуулап иштеген - бул жакшы. Маселенин баары комитетте талкууланып, ошол жерде маселелердин баары чечилип, анан фракциянын деңгээлинде макулдашылып, анан алып чыгат. Ал жерден талашып-тартышпай эле бул маселе макулдашкандыгына байланыштуу же “жок”, же “бар” деп добуш берилиши мүмкүн. Бирок ошонун арасында ар кандай көз караштар болушу мүмкүн. Мисалы, ошол эле фракциянын депутатынын жалпы фракция менен көз карашы туура келбесе, ал киши ошол жерде өзүнүн оюн айтканга укугу бар.

- Демек сизди регламент жөнүндөгү мыйзамдын долбоору дээрлик ынандырып аткан экен да?

- Толук ынандырат деп айтыш кыйын. Бул жерде көп маселелер бар, көп өзгөртө турган шарттар бар. Бирок негизинен структурасы, түзүлүшү, сунушталып аткан жагдайы биздин убакытка, биздин абалга туура келет деп ойлойм.

- Президент түзгөн “Ак жол” партиясынын парламенти дээрлик көпчүлүк орунду ээлеши ар кыл көз караштарга жем таштап жатпайбы. Маселен, парламенттин өзүндө авторитардык режим калыптанууда деген пикирлер пайда болду, ушуга көз карашыңыз кандай?

- Бул шайлоо кандай өткөнүн элдин баары билди. Талаш-тартыш, кир шайлоо болду деп эл айтып атат. Бирок факт ушундай, азыр парламенттин көпчүлүгүн “Ак жол” партиясы түзүп иштеп атат. Ушул убакта өлкөдө болгон акыбал, экономикалык саясат, негизги социалдык маселелерди чечүү женүүчү катары бул партиянын мойнунда милдет турат, булар жоопкерчиликти мойнуна алып ошону аткарышы керек.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG