Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ САЯСИЙ ФОРУМ ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯРДАНУУДА


“Акыйкат үчүн” деп аталган кыймыл 14-январда форум өткөрүүгө камданып жатат. 16-декабрдагы парламенттик чукул шайлоонун тыянагы көптөгөн шайлоочулардын укуктарын тепседи деп санаган бир катар саясий уюмдар менен коомдук уюмдар ушул уюмга бириккен болчу. Уюмдун уюштуруу комитетинин координатору, өнүгүү жана саясат боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Аликбек Жекшенкулов соңку иш-аракеттери жөнүндө “Азаттык” менен маектешкен.

-“Акыйкат” үчүн кыймылы форумда эмне маселелерди талкуулашы керек болуп жатат. Максаты тууралу айтып берсеңиз?

- 16-декабрда шайлоо өткөндөн кийин оппозициялык, андан тышкары калыс партиялар чогулуп бир пикирге келишти. Бүгүнкү күндөгү саясий абалды талкуулаш керек, эн негизги референдум менен шайлоонун жыйынтыгы кандай болду деп реалдуу, калыс баа бериш керек деген бир пикирге келди. Атайын доклад менен экс-спикер Абдыганы Эркебаев чыгып сүйлөп, бүгүнкү саясий система боюнча баа берет. Мурунку мамлекеттик катчы Ишенбай Абдыразаков бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын келечеги кандай болот, альтернативдүү кандай жолдор бар деген баяндама менен сүйлөйт. Төртүнчү маселе, бүгүнкү жалпы саясий коомдук абал тууралуу. Андан тышкары уюштуруу комитети бир пикирге келдик, коомдук парламент жана координациялык совет түзүш керек деген. Бүгүнкү кыргыз элинде экономикалык, социалдык жана саясий жактан көп кыйынчылыктар туулуп атпайбы, ошого жараша бир чара көрүшүбүз керек.

- Сиздердин кыймылды бийлик оппозициядагы кыймыл деп дагы айтып жатышат. Кыймылды март ыңкылабын жасаган Кыргызстандын элдик кыймылы менен да салыштыргандар болуп жатат. Кыймыл сиз айткан мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы күрөштүн кайсы жолун тандап жатат. Мисалы митинг, пикет жана башкаларбы?

- Андай айтыш кыйын. Бул жерде бир нерсени тактап айтып коеюн, жалаң эле оппозиция күчтөр эмес бул кыймылга калыс күчтөр дагы кирди. Ошон үчүн негизги кыймылдын максаты шашпай, кетсин деп кыйкырбай, митинг, пикетке чыга калбай жалпы кыргыз мамлекети, эли кайсы жол менен баратат, кайсы жол менен келечекте өнүгүшүбүз керек. Альтeрнативдүү түрдө бийликке ойлорду айтып, өзүбүздүн сунуштарыбызга коомчулукка, бийликке дагы сунуш кылмакчыбыз. Бул жерде бийлик үчүн пикетке чыга калып, талаптарды коюп тигил, бул кетсин деген ультимативдүү вариант болбойт бизде. Негизинен коомдук ишмерлер, саясий партиялар, НПОлор деле түшүндү бүгүнкү саясий абалда абдан кылдат, калыс, элдин көбүнчө катмарын оюна, жүрөгүнө сиңген кыймыл болсо деген оюбуз бар.

- Сиздерде курултай өткөрүү дагы демилгеси көтөрүлүп атты эле. Ал форумдан кийин болчу иш чарабы, же кандай, бул маселе кандай чечилди?

- Курултай жөнүндө дагы сөз болуп атат. Бирок бул форумду жакшы өткөрүп алсак, бир пикирге келип, уюштуруу маселелерин карап алсак, анан бул дагы болчу нерсе. Буюрса жазында болот деп турабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG