Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

“АК ЖОЛДУН” ПАРЛАМЕНТИНЕ “АКЫЙКАТТЫН” ПАРЛАМЕНТИ АТААНДАШ БОЛОТ


Бүгүн бийликке каршы жана калыс күчтөрдүн “Акыйкат үчүн” кыймылы референдумдун жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына баа берген саясий форум өткөрдү. Ага саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Форумдун аягында 16-декабрда шайланып келген парламентти легитимсиз деп таануу, коомдук парламент түзүү жана элдик курултай чакыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Форумда чыгып сүйлөгөн бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү референдумда кабыл алынган Башмыйзамга жана Шайлоо Кодексине демократиянын жоболоруна туура келбеген кошумчалар мыйзам бузуулар менен киргизилгендигин белгилешти. Ошондой эле 16-декабрдагы парламенттик шайлоо бурмалоолор менен өткөндүгү дээрлик бир ооздон айтылды. Ошондой эле жыйында бийлик бир адамдын колуна топтолуп, бийлик гана эмес, жарандардын укугу да менчиктештирилип калгандыгы тынчсыздануу менен кеп болду. Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова бийлик оппозицияны утулду деп санап, убактылуу жеңишине манчыркоодо, бирок ошол эле учурда бийликке элдин өзү оппозиция болуп калганын унутуп коюшту дейт:

-Чоң эсептен алганда бийлик уттуруп атат. Бүгүнкү күндө бийликке элдин ишеничи кетти. Анын ичинде азыркы келген Жогорку Кеңеш да бар, анткени бул Жогорку Кеңеш –легитимсиз.

Жыйында 16-декабрда шайланып келген парламентти легитимсиз деп таануу тууралуу сунуштар айтылды. Форумду уюштуруучулардын бири Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүнкү жыйындын дагы бир тапшырмасы –азыркы парламентке атаандаш түрүндө коомдук парламент түзүү:

-Биздин форум абдан чоң кызыкчылыкты туудуруп атат. Мен ишенем, көзүбүз жетет, биздин чечимдер ишке ашат. Биз коомдук парламент түзөбүз. 1-февралдан тарта Элдик курултай чакырууну уюштуруу иштерин баштайбыз.

Темир Сариевдин айтуусунда коомдук парламент элдин пикирин билдирген, кабыл алынып жаткан мыйзам, токтомдордун чыныгы маани-маңызын жеткирип туруучу уюм болмокчу.

Форумду уюштуруучулар бул иш-чаранын максаты бийликти “кетсин” деп кыйкыруу эмес, өлкөнүн мындан аркы өнүгүү жолуна тиешелүү сунуштарды берүү экендигин билдиришкен. Саясат таануучу Нур Омаров оппозициянын жана бейөкмөт уюмдардын мындай чогулуш, жыйналыштары мамлекетти авторитардык режимге баруудан сактап калат, деп эсептейт:

-Мунсуз өлкө авторитаризмге гана барат. Эгер азыр кандайдыр бир чараларды колдонбосо, кийинкиси ачык эле көрүнүп турат. Оппозиция саясий активдүү болуп, конструктивдүү аракеттерге барса анда Кыргызстан демократиялык багытын сактап кала алат жана андан ары өнүгө берет.

-Нур Омаровдун пикирин кубаттаган укук коргоочу Качкын Булатов бүгүнкү жыйынды өлкөнү жок болуп кетүүдөн сактап калуунун башталышы деп эсептейт.

“Кайран эл” партиясынын төрагасы Дооронбек Садырбаев бүгүнкүдөй жыйын уюштуруп, коомдук парламент түзүүдөн пайда чыкпайт, дейт. Анын айтымында өлкөдөгү азыркы саясий абал 37-жылдагы Сталиндин доорунан да коркунучтуу болуп калды:

-Көлөкөдөгү парламент түзүп, кандайдыр бир коом уюштургандан эч майнап чыкпайт. Бүгүнкү жыйындан жыйынтык чыгарына ишенбейм. Анткени бүгүн биз 1937-38-жылдардагыдай коммунисттик партиянын режиминдей болгон катаал тоталитардык режим жана бир адамдын керт башына сыйынуунун туу чокусуна чыктык. Сталинде да бүгүнкү Бакиевдин колундагыдай бийлик болгон эмес, -дейт Дооронбек Садырбаев.

Ошентсе да коомчулуктун бүгүнкү жыйындан күткөнү башка эле деген пикирин жыйынга байкоочу катары келген жергиликтүү талдоочу Үсөн Касыбеков билдирди. Анын айтуусунда оппозиция элге эч кандай жаңылык бере алган жок:

-Жаңы бир ойлор, жаңы программалык багыттар айтылабы деген үмүт менен келгенбиз да. Эчнерсе жок жылтыраган, көрүп турбайбызбы.. -дейт Үсөн Касыбеков.

Форумдун аягында катышуучулар төмөнкүдөй корутунду чыгарышты:

- 21-октябрда жалпы элдик референдумда Башмыйзам менен Шайлоо кодексине демократиянын жоболоруна туура келбеген кошумчалар мыйзам бузуу жолу менен киргизилген, референдум акыйкат өткөн эмес;

- 16-декабрда болгон парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен өткөндүктөн, добуштарды бурмалоо жолу менен шайланып келген парламент легитимсиз деп таанылууга тийиш;

- Шайлоонун жыйынтыгын мыйзамды көзгө илбей бузуп бурмалаган адамдарды кылмыш жана саясий жоопкерчиликке тартуу керек;

- “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын негизинде Координациялык Кеңеш түзүп, ага кыймылдын туруктуу аракеттеги аткаруу органынын ишин өткөрүп берүү абзел;

- Ошондой эле Коомдук Парламент түзүү, Элдик Курултай чакыруу сунуштары кабыл алынды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG