Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

МУРДАГЫ ТАЛИБ КОЛ БАШЧЫСЫ АМЕРИКАЛЫК ЭЛЧИГЕ КЕҢЕШ БЕРДИ


АКШнын Ооганстандагы элчиси ушул аптада Хелманд дубанындагы жакында өкмөт тарабына өткөн мурдагы талиб кол башчысы менен жолугушту. Кабул өкмөтү Абдул Салам молдону былтыр 10 ай бою талибдердин колунда болгон Муса кала ооданын башкарууга бекиткен. Бул аймакты НАТО аскерлери декабрда бошоткон эле. Эми Кошмо Штаттары бул жакта кайра куруу иштеринин алга жылышына, анын ичинде аймактагы Каяки гидро-электр тосмосун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк ачылат деп үмүттөнүп жатат.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Уиллиам Вуди 13-январда Муса кала шаарында болду. Ал мында Ооганстандын түндүк-чыгышында жайгашкан Хелманд дубанына кайра куруу жардамынын жетишинe тоскоол болгон жайгайларды жоюу максатында келди. Элчи Муса калада учурда Кабулду колдогон жергиликтүү администрация башчысы, экс-талиб кол башчысы Абдул Салам молдо менен жолугушту.

Жолугушууда Салам молдо америкалык элчиге бир катар баалуу кеңештерди берди. Ал шарияттан сөз козгоп, бул аймакка жардам кечигип жатышынын бир себеби тууганчылык менен коррупция экендигин белгиледи. Молдо ошондой эле ал башкарган ооданда калктын жарымы апийимге берилип калгандыгын, апийим өстүрүү зарылчылыгынан арылуу үчүн жергиликтүү дыйкандарга башка өсүмдүктөргө өтүүгө жардам керектигин кошумчалады.

Өкмөт тарабына 300 аскери менен өткөн Салам молдо алтургай стратегиялык мааниге ээ болгон Каяки суу-электр тосмосуна талибдердин кол салышын алдын-алуунун жолдору боюнча да кеп-кеңешин берди. Бул тосмо Муса-каладан 25 чакырым аралыкта жайгашкан.

Азаттыктын ооган кызматы менен маегинде Салам молдо Муса каланын былтыр февралда талибдердин колуна өтүшү үчүн жергиликтүү тургундар британ аскерлерин күнөөлөшөөрүн билдирди:

- Эл НАТО аскерлери Муса каланы калыбына келтирүү үчүн келишкенин түшүнүшү керек. Бул үчүн чет элдиктер аларды кайра террористтердин колуна салып бербей тургандыгына көздөрү жетиши керек.
Былтыр кышта эл аралык коомчулук элди, аксакалдарды куралсыздандырган эле. Ошондон кийин талибдер келип, бул аймакты басып алган.

Салам молдо Каяки тосмосуна жаңы турбина орнотуп, элге электр кубатын бере баштоонун зарылдыгын да баса белгиледи. Ошол эле убакта ал Муса калага 200 тартип коргоочу жиберүү талабына Ооганстандын ички иштер министрлиги жооп бербей жатканына, дагы башка кемчиликтерге токтолду.

Америкалык элчи өз кезегинде АКШнын Хелманд дубанына жардамы көбөйтүлөт деп сөз берди. Ошол эле мезгилде Уиллиам Вуди талибдер менен күрөштө ооган жана НАТО аскерлери Муса калалык тургундардын колдоосуна муктаж экендигин мындайча эскертти:

– Бүт дүйнө Муса каланы карап турат. Бул жакта болгон окуялардын баары бардыгына белгилүү болот. Биз Ооганстанда да, чет жактарда да көздөр ийгиликти, тынчтыкты, элдешүүнү, саламаттыкты, сабаттуулукту жана таза башкарууну көрсүн деп тилейбиз.

Муса каланын администрация башчысы ага талибдердин эки түрү бар экенин, жергиликтүү оогандар өз өлкөсүн талкалоону каалабай тургандыгын, калгандар чет элдик талибдер экендигин билдирди. Анын айтымында, айрым сабырдуу турумдагы ооган талибдери ага Карзайдын өкмөтүн колдоо мүмкүнчүлүгүн сөз кылышканын, бирок талибдер өкмөт тарапка жоон тобу менен өтө баштайт деп айтуу азырынча эртерээк экендигин кошумчалады. Ал эми америкалык элчинин айтымында, АКШнын өкмөтү ооган конституциясын сыйлаган, куралдарын таштап, элдешүү жараянына кошулууну каалаган бардык талибдерди колдомокчу.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG