Түндүк кыргыздардын бир жарымынын Россия империясынын курамына кириши, падышалык бийликтин казак жергесине бекем орун алышына себепкер болгон. Орус бийлиги мында жашаган көчмөн уруулар арасындагы кадыр-баркын арттыруу максатында, 1854-жылдын август айында Кичи Алматы суусунун боюна Верный чебин куруп баштаган. Кыргыз санжыраларында, Кичи Алматы жерин орустарга Ормон хандын уулу Үмөтаалы берип, ага хан Ормон катуу кейигендиги кабарланат. Канткен менен Верный чебинин салынышы кыргыздардын орус бийлигине жакындашына себеп болгон. Ысык көлдүк кыргыздар 1854-жылдын күз айында Батыш Сибирь бийлигине элчилик жиберип, ал миссия ийгиликтүү аяктап, көздөгөн максатына жеткен. Кыргыз элчилиги Омск шаарына келип, алар 1855-жылдын 17-январында Россия империясына кирүүгө ант беришкен. Анын натыйжасында, 10 миң түтүн чамалуу ысык көлдүк кыргыздар империянын курамына кабыл алынган.
Орус бийлигинен букаралык сурап, Батыш Сибирь Аскер округуна жөнөтүлгөн бугу уруусунун элчилери 1854-жылдын күз айында Омск шаарына келген. Элчиликти Качыбек Шералин жетектеп, кыргыздардын империя курамына кирүү анты 1855-жылдын 17-январында салтанат менен кабыл алынган. Бугу уруусу кармаган антта, алар Улуу падышанын амирине кирип, айтканын айткандай аткарууга куран кармап, касам иче тургандыгы билдирилет. Бугу уруусунун Россия империясына бириктирилиши жана алардын кат түрүндө жазган анты расмий түрдө жарыяланган. Орус бийлиги муну менен бугулардын анттына мамлекеттик деңгээлде маани бергендигин билдирген.
Кыргызстандагы маданият мекемелеринин салынышы жана алардын ырааттуу иштеп, өрнөктүү маданий кыртыштын жаралышына 1935-жылдын 17-январында кабыл алынган СССР Борбордук Аткаруу комитетинин Токтому маанилүү роль ойногон. Борбордук Аткаруу комитеттин Токтомунда Кыргыз АССРинин чарбалык жана маданий курулуш маселеси аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексине ылайык 2007-жылдын февраль айына белгиленген парламенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 17-январда соңуна чыкты.
Бу күнү, 1501-жылы немец окумуштуусу, ботаник Леонард Фукс, 1706-жылы көрүнүктүү америкалык коомдук, саясий ишмер Бенджамин Франклин, 1834-жылы немец биологу, тукум куучулук хромосом теориясынын негиз салган Август Вейсман, 1847-жылы орус авиациясынын нгегиздөөчүсү Николай Жуковский жарык дүйнөгө келген.