“Эркин тандоо” партиясынын лидери Владислав Лисовскийдин “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылына кошулуу тууралуу жазган арызын уюштуруу комитети кароодо. Бул тууралуу мурдагы депутат Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган кыймылдын уюштуруу комитети учурда коомдук парламенттин курумун түзүү боюнча да иш алып барууда. (AJ)