Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:11

12:30 СДП: Кыргызстандын сот системасына калктын басымдуу бөлүгү ишенбейт


Социал-демократиялык партиянын бүгүнкү билдирүүсүндө айтылгандай, “Сот системасы бийликтин негизги бутактарынын бири катары коомдун прогрессивдүү өнүгүшү үчүн кызмат кылышы абзел. Бул милдетти ал мыйзамга катуу туруп, акыйкаттуулук менен чындыкка негизделген принциптерди карманганда гана жете алат”, - деп айтылат билдирүүдө. Бирок андан ары, тилекке каршы, сот системасы коррупцияланып, негизги башкаруучу топтун гана буйругун аткарып калганы, андыктан элдин басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна да, ишенимине да эгедер болбой жатканы келтирилет. Партиянын жетекчилиги сот системасын толугу менен реформалоого чакырып, бул ишке өздөрү да катышууга даяр экендигин айтты. (TD)

XS
SM
MD
LG