Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЭЛЕКТРОНДУК СӨЗДҮГҮ ТҮЗҮЛДҮ


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын уюшулганынын 10 жылдык мааракесине карата “Кыргыз тили” аттуу гезит, бакчадагы балдар үчүн кыргызча китеп жана Константин Юдахиндин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүгүнүн негизинде элктрондук сөздүктүн компакт-диски чыгууда. Бирок, дале мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө канааттанбаган пикирлер бар.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун “Кабар” маалымат агенттигинде тараткан маалыматтарына караганда, аталган улуттук комиссия 1998-жылы 20-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен түзүлүптүр. 10 жылдык маараке жакында – 28-29-январда “Кыргызстандын келечеги мамлекеттик тилде” аттуу илимий-практикалык конференция жана мааракелик салтанат-жыйын менен белгиленет. Мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүүнү шарттаган Кыргыз өкмөтүнүн токтому чыгат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 3 жылдык концепциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын жарлыгы менен бекитилет.

Ташбоо Жумагулов андан ары соңку кездерде аткарууга мүмкүн болгон конкреттүү иштерге да токтолду. Анын айтуусунда, улуттук комиссиянын каржылоосу менен “Кыргыз тили” деген өзүнчө гезит жарык көрөт. Башкы редакторлукка белгилүү журналист Эсенбай Калдаров бекип,
гезиттин алгачкы санын чыгаруу 20-февралга мерчемделген. Ошондой эле бала-бакчалар үчүн кыргызча китеп да жарык көрүү алдында.

Ташбоо Жумагулов республикалык маанидеги чоң жаңылык катары буларды баса белгиледи:

- Биз мындан эки жыл мурун программисттер Эмил Асанов менен Жаныбек Оморовго кайрылган элек, алар минтип эң сонун иштерди жасап беришти, башкача айтканда, компьютерде “Тамга Кит”, “Тилчи” деген программаларды түзүшүп, кыргыз тилинде интернетте иштөөгө жол ачышты. Константин Юдахиндин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүгүнүн негизинде электрондук сөздүк түзүшүп, анын компакт-дискин таратканы турабыз. Аталган программаларды бир катар мекеме-уюмдарга бердик эле, алар колдонуп-иштеп көрүшүп аябай жактырышууда.

Өткөн жылдан бери “Мамтил” деген интернет-сайт иштеп келатат. Ал эми компьютерлерди кыргыз тилинде иштетүү маселеси оңойго турбагандыгына жана бул демилге колдоо таппай келгендигине “Тамга Кит” программасын иштеп чыккан адис Эмил Асанов пресс- конференцияда токтолду:

- Азыр компьютерде колдонулмайын кыргыз тили жакшылап алдыга кете албайт. Ансыз биздин эгемендүүлүгүбүз да сезилбейт. Биз те мурда – 1998-жылы эле Windows программасын кыргызчалаштыруу проблемасына киришип, аны 2002-жылы чечкенбиз. Бирок программаны жайылтуу жагына эч ким колдоо көрсөткөнү жок. Мурунку бийликтен таптакыр жардам болбоду. Анан ыңкылаптан кийин, Кудай жалгап, ушул Ташбоо Жумагулов жетектеген улуттук комиссия менен иштеше баштадык. Мына азыр биздин прогамма боюнча, компьютерде орус тилинде, англис тилинде кандай иштесеңиздер кыргыз тилинде да андан кем калбай иштей аласыздар. Орус тилин таптакыр билбегендер да программаны чакырып, интернетте кыргызча иштей алышат.

Улуттук илимдер академиясынын Тил илими институтунун деректири Кадыралы Конкобаев жогорудагы жаңылык болуп аткан иштер мамлекеттик колдоо болгондо эчак эле аткарылыш керек болчу деп эсептейт. Мындан ары Кыргызстанда мамлекеттик тил маселеси чечилиш үчүн, Экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров убада кылгандай, республиканын жылдык бюджетинин – 44 миллиард сомдун 1 пайызын ушул көйгөй маселеге жумшоону парыз көрөт.

Биз сөз соңунда өткөн жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бюджеттен 6 млн. сом бөлүнсө, быйыл 12 млн. сом каралгандыгын кошумчалай кетели.
XS
SM
MD
LG