Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Иран Орусиядан Бушердеги алгачкы атомдук электростанциясы үчүн өзөктүк отундун алтынчы бөлүгүн алды


Итар–Тасс агенттиги Орусиянын "Атомстройэкспорт" компаниянын өкүлүнө шитеме берип билдиргенине караганда, Иранга өзөктүк отунду жеткирүү февраль айында аяктамакчы. Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, 82 тонна өзөктүк отундун азырынча 66 тоннасы Иранга барып калды. Мунун алдында кечээ Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад Улуттар уюмунун жаңы санциясы кандай болоруна карабай, өзөктүк программасын улантарын эскерткен болчу. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын тышкы иштер министирлери Иранга каршы жаңы, үчүнчү резолюциянын долбоорун даярдоону ушул шейшембиде Берилиндеги жыйында макулдашан эле.Бирок орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ырастоосунда, резолюция долбоору катаал чараларды камтыбайт.

XS
SM
MD
LG