Полициянын маалыматы боюнча, 23-январдагы жардыруудан өлгөндөрдүн саны 34кө жетип, жарадар болгондор 170 болду. Жардыруу болгон жерге бейшембиде келген Мосул шаарынын полициясынын башчысы жардырылып, ал дагы каза тапты.Аны менен кошо бир америкалык жана жергиликтүү аскердин жарадар болгону кабарланууда.