Жарадар болгондор саны тогуз деп кабарланууда. Окуя 23-январда орун алганы Кытай мамлекеттик сыналгысынан айтылды. Поезд Пекинден Кытайдын чыгышындагы Циндао деген шаарына сапар алып бараткан. Синьхуа агенттиги билдиргендей, каза тапкан жумушчулар темир жолго мөөнөтүнөн мурда келип, айдоочу поездди токтотконго үлгүрбөй калган.