Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

ИНДОНЕЗИЯНЫ 32 ЖЫЛ БАШКАРГАН СУХАРТО ДҮЙНӨ САЛДЫ


Индонезиянын мурдагы президенти, өлкөнү 32 жылдай башкарган Сухарто Жакартадагы ооруканада көз жумду. ХХ кылымдын Азиялык эң өкүмзор жетекчиси атыккан Сухарто мындан 10 жыл мурдараак элдик толкундоолордон улам бийликти өткөрүп берүүгө аргасыз болгон.

Мусулман калкынын саны жагынан дүйнөдө 1-орунду ээлеген Индонезиянын 86 жаштагы экс-лидери ушул айдын башында саламаттыгы кескин начарлап ооруканага жаткырылган. Жекшембиде догдурлар тараткан билдирүүдө Сухарто бир катар ички органдары иштен чыгып, 1 күн мурун эс-учун жоготкон бойдон о дүйнө салганы кабарланат. Индонезиянын учурдагы президенти Сусило Бамбанг Юдхуйоно телеканалдар аркылуу элге кайрылып, Сухартону улуттун мыкты уулдарынын бири, улуу жетекчи деп атап, анын өлүмүнө байланыштуу өлкөдө бир жумалык аза күтүү жарыяланганын билдирди.

Ушул эле күнү Сухартонун улуу кызы Сити Хадижанти Рукнама атайын маалымат жыйынында жакындарынын атынан атасы кетирген каталар үчүн кечирим сурады.

Генерал Сухарто Индонезияда 1965-жылы болгон табышмактуу төңкөрүштөн 2 жыл өтпөй өлкөнүн 1-президенти Сукарнонун бийлик ордун ээлеп алган. Ал төңкөрүш үчүн генерал кийин индонезиялык коммунисттерди айыптаган.

Ошондон тарта 32 жыл бою Индонезияны аскер башчыларына таянып өзү билгендей башкарган өкүмзар Сухарто коммунисттерге каршы турганы үчүн Батыштагы айрым мамлекеттердин колдоосун тапкан. Коомдук уюмдар Сухартонун бийлиги тушунда Индонезия басып алган Чыгыш Тимордогу кыргындан башка да жүз миңдеген индонезиялыктар саясий куугунтукка кабылып, өмүрүнөн ажыраганын айтышат.

Ошол эле маалда дал ошол жылдары Индонезияда экономикалык өнүгүү ыкчамдап, чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдү эң керектүү буюмдар менен камсыздоочу башкы булакка айланып, саясий стабилдүүлүк орногону да эске салынат.

Аңгыча 1998-жылы Азиядагы финансылык алааматтын толкуну Индонезияны каптап, миңдеген студенттер көчөгө чыгып, бүткүл өлкөнү каптаган нааразылык акцияларынын кысымы алдында Сухарто президенттик кызматынан чегинип, ошондон бери Жакартадагы хан сарайдай үйүндө жашоо сүрүп келди. Кызматынан чегингенден көп узабай экс-президентти коррупцияга байланыштуу иштер боюнча сот жообуна тартуу аракети башталган, бирок улгайып калган Сухартонун начар саламаттыгы ал ишти аягына чыгарууга жол бербеди.

Эл аралык Transparency International уюмунун баамында, Сухарто 32 жылдык бийлиги маалында 35 миллиард долларга чейинки акчаны өз чөнтөгүнө салып, мамлекетти карактоо жагынан дүйнөдөгү башка жетекчилердин баарын артта калтырган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG