Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:50

ЖАЛАЛАБАТТА ЖУМУШЧУ КАДРЛАРЫН ДАЯРДОО САПАТЫ АЛЫМСЫНДЫРБАЙТ


25-январда Жалалабат облбийлигинде облустагы техникалык-лицейлердин жана жумушчу адистиктерин даярдоонун абалы талкууланды. Анда айтылгандай, облуста кесипкөй адистер жетишсиз, окуучулардын күнүмдук тамагына 21 сом гана бөлүнөт. Курулушу башталган Камбарата ГЭСи үчүн жумушчу кадрларын даярдоо да олуттуу. Кыргызстандан техникалык адистиктерди алган адамдар айлык акынын аздыгынан башка өлкөлөргө кетишет. Ошол эле учурда кесиптик-техникалык билим берүү жайларында проблемалар толтура.

Облуста жыл сайын айыл чарба жана курулуш тармагы үчүн үч миңден ашык техникалык адис даярдалат. Бирок, алардын баарын ишке жайгаштыруу, жумушсуздукту азайтуу, азыркы талапка жараша кесиптеги жумушчуларды тарбиялоо маселеси олуттуу көйгөйгө айланган. Устат кишилердин айлыгы мол чет өлкөлөргө агылып жаткандыгынан Жалалабатта кесипкөй кишилер жетишсиз. Техникалык лицейлердин окуучуларынын күнүмдүк тамагы үчүн 21 сом акча каралган. Алабука районундагы лицейдин деректири Айчүрөк Балтагулованын айтымында туш өлкөлөргө бараткан бүтүрүүчүлөрдү токтотуп калуу кыйын болууда:

- Чет мамлекетке кетип жаткан кадрларды токтотуп калуу кыйынга туруп жатат. Бул биздин колубуздан келбейт. Бул боюнча бизге парламент жардам берсин, өкмөт жардам берсин. Себеби, балдар окуусун бүтүп эле кетип жатышат,- деди Айчүрөк Балтагулова.

Каракол шаарындагы Жыпар Кыдыкеева башкарган лицейде бүгүнкү талаптарга ылайыктуу окутууга шарт жок. Жетиштүү шарт түзүлбөй туруп, доор талап кылган адистерди даярдайсың деп талап кылуу-туура эмес. Окуу жай өз имаратын өзү оңдогон. Анда техникалык жаңы жабдуулар тургай, жаңы окуу китептери да тартыш. Имаратты оңдоолор менен коммуналдык кызматтарга жол, байланыш чыгымдарына каражат берилбейт:

- Техникалар боюнча замандан артта калдык. Саналуу гана кесиптик-техникалык окуу жайларында компьютерлер болбосо, бизде дегеле андай жок. Каркөл шаарында жада калса атайылап окуу жай курулуп да берилген эмес. Биз өзүбүз үч кабаттуу имаратты алып, азыркы күндүн талабына ылайыктап алдык. Биринчиден, кесиптик-техникалык окуу жайларынын базасын чыңдаш керек. Окуу жайларды жандандырыш керек. Анан кийин талап коюлушу керек. Китептердин эскилиги жеткен. Жалалабат облусу эч кандай финансы жактан каржылай албайт. Жатаканада балдар жашай албайт.

Бирок анын техникалык адистерди даярдоого мамлекет тарабынан жетиштүү түрдө каражат бөлүнбөй жатат деген пикири менен губернатордун орунбасары Камила Талиева макул эмес. Анын айтымында, Кыргызстандан билим алып, чет мамлекеттерге иштегени кеткен адамдарда патриоттуулук сезими аз:

- Азбы, көппү мамлекеттин каржысында болуп келди. Ыйлап отуруп албай иштешибиз да керек. Канча мүмкүнчүлүгүбүз бар, канча кадр даярдайбыз ошол сунушуңарды айткыла деп жатабыз. Тактап алып сунушубузду жогорку жактарга берели,- деди Камила Талиева.

Токтогул районундагы лицей Камбарата ГЭСине зарыл 6-разряддагы жумушчуларды даярдай албайт. Окуу жайдын деректири Болот Сулайманов Камбарата ГЭСи менен келишим түзүүгө барган. Бирок анын канча адис даярдап берели деген суроосуна ишканадагылар керектүү адистерди өздөрүнүн окуу комбинаттарында даярдап алышаарын билдиришкен. Ал башкарган окуу жайда болгону эки техника бар:

- Камбарата-2 ГЭСи 6- разрядды каяктан алып жатат. Биринчи кварталга 500 кишине иш менен камсыз кылып жатат. Экинчи кварталга 900 адамды камсыз кылат экен. Үчүнчү кварталга 1200, төртүнчүсүндө 1500 адам чыгып жатат. 1200 адам Камбаратанын өзүндө бар. Демек, башка жактан ишке кишини алууга мүмкүн эмес,- дейт Токтогул районундагы окуу жайдын деректири Болот Сулайманов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG