Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: ҮЙ ЖАЙСЫЗ АДАМДАРГА МИЛИЦИЯ ЗӨӨКҮРЛҮК КЫЛЫП ЖАТАТ


Бишкекте бүгүн бир катар укук коргоочулар кышкы суукта көчөдө калган үй-жайсыз адамдардын абалын талкуулаган жыйын өткөрүшмөкчү. Ички иштер министрлиги сууктан коргоо максатында үй-жайсыз адамдарды камакка алган эле. Бирок укук коргоочулар адам укуктарын бузуу деп милиция кызматкерлерин сотко бергени жатат. Бул маселенин тегерегинде түз ободо “Жарандар коррупцияга каршы” борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова менен маектештик.

- Сиздер үй жайсыз адамдар убактылуу кармалып турган абактагы абал менен таанышып келиптирсиздер. Алар кандай шартта кармалып жатканы тууралу айтсаңыз?

- Биз бир нече күндөн бери убактылуу кармоочу жайды көзөмөлдөп атабыз. Официалдуу чиновниктер айткан сөз туура эмес. Анткени, ал жерде үй-жайсыз гана калган адамдар эмес, жөн эле сыртка тамекиге, же баласына сүт алганга чыккан адамдарды ар кайсы райондун милициялары зөөкүрчүлүк менен сенин документиң жок деп, туугандарына айтпай туруп убактылуу кармоочу жайга кармап алып, анан туугандарынан 500 сомдон 1500 сомго чейин, же болбосо бизде фактылар бар, 300 долларга чейин акча алып атышат. Бул жерде бир нече жылдан бери келаткан коррупциянын башы чыгып атат. Анткени, адамдарды чыдамсыз акыбалда кармап алып туруп, документин изилдебей туруп, туугандарын жалдыратып, ушундай акыбалга алып келип атат.

Биз кечээ барганда адамдардын саны 272 киши болгон, ошонун арасында үй-жайсыз адамдар бар. Бирок аларды да кармап зордоп, ошондой кыйноого алып барып, тамаксыз, суукта ого бетер үшүтүп антисанитардык, ачык түрдөгү кургак учук менен ооруган адамдардын арасына койгон бул өкмөт жана милиция ушунчалык зөөкүр деп айтып атабыз.

- Сиздер эми милиция кызматкерлеринин үстүнөн сотко кайрыларыңыздар кабарланууда. Кайсы сотко кандай негизде кайралганы жатасыздар?

- Биз изилдегенде былтыр 8 миңге жакын адамды мыйзамсыз кармашкан. Быйыл январь айынын ичинде кармалгандардын арасында 4 айлык балдары бар жаш аялдар бар, алар сотту да көргөн эмес. Ошон үчүн бүгүн чукул жыйын өткөрүп, адам укугу комиссиясы менен Турсунбек Акун аркылуу официалдуу түрдө баарын айтып, буларды сотко беребиз. Ошол адамдардын убалы кимде экенин билбейм? Анткени мэрия менен УВД өткөргөн «Бродяга” деген атайын рейддери бар экен. Бул мыйзамсыз. Сөзсүз түрдө бул милициянын мыйзамсыз иштерин сотко беребиз.

- Сиздин оюңузча мындай учурда бийлик кандай чара көрүш керек эле үй-жайсыздарды сууктан калкалоо үчүн?

- Биз демократиялуу өлкөлөрдөн көрдүк, ар бир жерде, өнүккөн өлкөлөрдө да мындай адамдар бар. Ошондо дагы өкмөт жана өкмөттүк эмес уюмдар буларды көңүлгө алып, ысык тамак берип, ден-соолугун текшерип, кийим берип турушат. Мен өз көзүм менен көргөм, тез жардам келип текшерип, жардам берип кеткендерин. Андай адамдарды кармаган бул милициянын иши эмес. Хулиган же криминал элементтер менен иштеш керек милиция органдары.

Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG