Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

СЕРБИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Сербияда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Сербияга караган Косово өз алдынчалык жарыялайт деп күтүлүп жаткан чакта өтүп жаткан добуш берүүнүн жыйынтыгы өлкө жана анын Евросоюз менен алакасы үчүн чоң мааниге ээ болот деп күтүлүүдө.

Шайлоодо тогуз талапкер ат салышууда, бирок негизги таймаш Евросоюз менен жакын мамилелерди колдогон реформачы Борис Тадич менен Орусияга ыктаган ашкере улутчул Томислав Николичтин ортосунда болмокчу. Эки талапкер тең Косовонун Сербиянын курамында калышын жактайт. Томислав Николичтин Радикалдык партиясы парламенттеги эң күчтүү партия болуп саналат.

Сурамжылоо биринчи айлампада эч ким жетиштүү добуш ала албай тургандыгын көрсөтүүдө. Демек 2-февралда экинчи айлампа болуп калышы ажеп эмес.

Сербияда президенттин ыйгарымдары чектелүү мүнөзгө ээ, ал өкмөттү тарката албайт же тышкы саясатты аныктабайт. Бирок Азаттыктын Белграддагы кабарчысы Бранка Тривичтин айтымында, шайлоонун өтүп жаткан убактысы өзгөчө мааниге ээ:

– Шайлоонун мөөнөтү өтө опурталдуу мезгилге туура келип жаткандыгын түшүнүү азрыл. Кайсы маалымат каражатын карабаңыз, бир гана Косово, Косово, Косово деп атышат. Анан албетте Сербиянын Европа биримдигине кошулуу маселеси.

Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тачи учурда Бириккен Улуттар уюму башкарып турган провинция бир нече аптанын ичинде өз алдынчалык жарыялай тургандыгын эскерткен.

Бүгүнкү шайлоого катышууга 6.7 миллион киши укуктуу, алардын арасында Косоводо серб улутундагылар көзөмөлдөгөн шаарларда 100 миңдей киши да добуш бере алат. 3 миңдей жергиликтүү, аз сандагы эл аралык байкоочулар шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөп жатышат.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG