Мындай чечимди бүгүн Биринчи Май райондук соту чыгарды. Кечээ Жогорку Кеңештин жанында өткөн “Мен ишенбейм...” акциясынын төрт катышуучусунун иши ушул сааттарда Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Аларга административдик кодекстин 371-392-беренеси боюнча “мыйзамга жана милицияга баш ийген эмес” деген айып тагылган болчу. Жибек Исмаиловага 392-берене боюнча чечим чыгарылды, деп билдирет кабарчыбыз Жаннат Токтосунова. Акциянын дагы жети катышуучусунун соту эртеңкиге белгиленген. (TD)