Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:54

17:30 Ошто ымыркай баласын сатууга ниеттенген жаш келин табылды


Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, 26-январда Ош облустук төрөт үйүнүн кызматкерлерине жаңы төрөгөн наристесин 20 миң сомго баалап калтырган келин Кадамжай районунан болот, 2 баласы бар экен. Ал ымыркай уулун зарыккан бирөөгө багып алса деген ниетте медициналык кызматкерлерге калтыргандыгын айтыптыр. Оштогу «Энеликти коргоо» бейөкмөт уюмунун өкүлү Жанара Орунтаева жогорудагы жорукка укуктук баа берилмейинче мындай окуялар кайталана тургандыгына кабатырланды. (АТо)

XS
SM
MD
LG