Элчи айым Серпиль Алпанды кабыл алууда Игорь Чудинов кыргыз-түрк кызматташуусун жогору баалап, ал кызматташууларды өнүктүрүүгө түрткү болуучу өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен жыйынын өткөрүүнүн убактысын тактоону түрк тараптан өтүндү. Элчи өз кезегинде түрк өкмөтүнүн эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, Чудиновду өкмөт башчылык кызматка дайындалышы менен куттуктады.(AiT)