Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

АКШ: ЖОЛУ БОЛБОГОН “ЖОРТОКТОР“ ЖАРЫШТАН ЧЫГА БАШТАДЫ


АКШда Нью-Йорктун мурдагы шаар башчысы Рудольф Жулиани республикалык партиянын шайлоо жарышынан чыкты. Андан саал мурдараак экс- сенатор, демократ Жон Эдвардс да күрөштөн баш тартканын жарыялаган эле. Эми эки партиядан тең президенттикке башкы талапкер болгусу келген экиден атаандаш калды.

Өзүнүн шайлоо өнөктүгүн токтотконун Руди Жулиани Калифорния штатындагы Роналд Рейган атындагы китепканада жарыялады. Анын чечимин укканы келгендер арасында сенатор Жон Маккейн да бар эле. Жулиани өзүн жакшы президент болгонго жарайм го деп ойлоп жүргөнүн, бирок шайлоочулар башкача бүтүм жасаганын моюнга алып, бардык тарапкерлерин эми сенатор Маккейнге колдоо көрсөтүүгө чакырды. “Жон Маккейн – АКШнын келерки башкы колбашчысы боло ала турган иш билги талапкер, - деп айтты Жулиани. – Ал улуттук баатыр, андыктан Америка ушундай деңгээлдеги адамдын Ак үйгө келишине көмөктөш болушу керек”.

Нью-Йорктун мурдагы шаар башчысы буга кошумча сенатор анын көптөн берки досу экенин, кокус кереги тийсе,анын шайлоо кампаниясына кол кабыш кылганга даяр экенин ырастады. Маккейн да мактоого мактоо менен жооп кайтарып, Жулиани шаар башчы болуп турган кезде жасаган иштерге чоң баа берди жана партиялаш мурдагы атаандашын өзүнүн “оң колу” деп жарыялады.

Жулиани Флорида штатындагы сынамык шайлоодо болгону он беш процент добуш алган эле. Ошондон соң ал азыркы “тай күлүк” жарыштан чыгууну чечти. Республикалык партиядан мамлекет башчылык кызматка башкы талапкер болгонго Маккейн менен эми бир гана Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни таймашканга жарайт дешет.

Жолу болбогон талапкерлер демократиялык партиянын арасында да аз эмес.Алардан азырынча экс-сенатор Жон Эдварс гана ырасмий түрдө күрөштөн баш тартты. “Четке чыга турган маал келди”,- деп айтты ал шаршемби күнү Нью Орлеан шаарынын четиндеги жыйында. Бирок ал не Хиллари Клинтонго, не Барак Обамага колдоо көрсөтөрүн айткан жок. Болгону демократ-атаандаштары “жалпы бардык жарандардын кызыкчылыгына иштей турган жаңы Американы курууга” сөз беришкенин айтып, “ушул мүдөөнүн өзүн бүт өмүрүн сап кыла турган максат” деп атады. “Акыры барып Ак үйгө ким келерин билбейбиз,- деп билдирди Эдвардс. – Бирок биз айныксыз башка бир нерсени – тарыхты биздин демократиялык партия жасарын билебиз. Биз каркындуу болобуз, бирдиктүү болобуз, ошонун аркасында ноябрда Ак үйдү алабыз”.

Демократтар арасында да эми башкы талапкер аталууга жараган эки сенатор – Хиллари Клинтон менен Барак Обама калды. Жарышта алар азырынча куйрук улаш келатышат,топтогон добуштары жагынан да эгей-шыгай абалда.

Байкоочулар эки партия тең жоргосу ким, жортогу ким экенин алдыдагы аптада – “чоң шейшембиде” билет дешет. Бул күнү бир эле мезгилде жыйырмадан ашуун штатта сынамык шайлоо жана партиялык жыйындар болуп өтөт.

XS
SM
MD
LG