Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

ЭНН ЭППЛБАУМ: ӨТКӨӨЛ МЕЗГИЛДИН БИРИНЧИ БАСКЫЧЫ АЯКТАДЫ


Гүлайым Ашакеева, Бишкек Пулицер сыйлыгы америкалык басма сөз, адабият жана музыка жаатындагы эң абройлуу сыйлык болуп эсептелет. Жылына 21 тармак боюнча өзгөчө ийгиликтерге жетишкендер сыйлык ээси болушат. «Вашингтон пост» гезитинин баяндамачысы Энн Эпплбаум бул сыйлыкка Чыгыш Европадагы коммунизм, жарандык коомдун өнүгүшү тууралуу жазган макалалары жана «Гулаг: чоң террордун желеси» (2003) китеби үчүн 2004-жылы Пулицер сыйлыгына татыктуу болгон.

Энн Эпплбаум белгилүү Йель университетин аякагандан кийин, журналисттик ишмердүүлүгүн Польшада баштаган. Анын калемине таандык макалаларда Чыгыш Европа аймагында болгон «түстүү ыңкылаптар» ал өлкөлөрдөгү коомдук-саясий өзгөрүүлөр ар кыл өңүттөн чагылдырылат.

Энн Эпплбаумдун оюнда, чет-өлкөлүк журналисттер үчүн постсоветтик аймактагы өзгөрүүлөрдү чагылдыруу анча деле оңой эмес:

- Постсоветтик аймак тууралуу жазуунун татаалдыгы - бул өлкөлөрдүн бири-бирине окшобогон ар түрдүүдүлүгү. Мисалы, бир эле мезгилде Орусия, Эстония, Польшадагы окуялар түрдүү мүнөздө өтүп, бул өлкөлөр өнүгүүнүн ар кыл баскычтарын өтүп жатышат. Мисалы, учурдагы Польша менен Орусияны салыштырсак, мындан 10 жыл мурда поляк коому келечекке ишеними аз, башаламан саясаттан тажаган маанайда болчу. Албетте, мындай кырдаалда журналист үчүн окуяны чагылдыруу оор. Бүгүн Польшада жашоо жеңил жана бул өлкө тууралуу жазуу дагы оңой. Ал эми Орусия тууралуу 90-жылдары жазуу, коомдун ар кыл өкүлдөрү менен баарлашуу, алардын ой пикирлерин чагылдыруу өтө кызыктуу болчу. Бүгүн болсо, Орусияда мага окшогон журналисттерге иштөө оорлоп баратканы сезилет.

Саясат таануу илиминде «өткөөл мезгил» деген түшүнүк бар. Биз сөз кылып жаткан өлкөлөр дагы ушул өткөөл мезгилди баштарынан кечирип жатышат. Журналисттин пикиринде, өткөөл мезгил бул аймактагы элдин аң-сезимин да өзгөрткөн өңдүү:

- Менин оюмча, өткөөл мезгилдин биринчи баскычы аяктады. 90-жылдардын ортосундагы адамдардын ой жүгүртүүсү менен бүгүнкү күндөгү чыныгы турмуштун айырмасы көрүнүп турат. Азыр адамдар «Алма быш, оозума түш» деп отура берүүдөн пайда жок экенин түшүнүп калышты.

Көпчүлүк постсоветтик өлкөлөрдө кайра Совет доорун сагынып, өткөнгө кайрылууну самагандар көбөйүп баратат деген пикирлер да бар. Бирок биздин маектешибиз бул ойго кошула бербей тургандыгын билдирди:

- Мен бул өлкөлөрдө коммунизди, коммунисттик идеологияны эстеп сагынуу өтө күчтүү деп айта албайм. Балким мен жаңылышып жаткандырмын. Менимче, Орусияда бийликке карата сагынуу бар, бул анын саясий тарыхы, дүйнөдөгү эң күчтүү эки мамлекеттин бири болгондугу менен мүнөздөлөт. Азыр орусиялыктар ошондой таасирдүү, күчтүү өлкөнү көргүлөрү келишет. Айрым башка өлкөлөрдө бейкапар жашоо кечирген туруктуулукка болгон сагынуу болушу мүмкүн.

Жарым кылымдан ашуун бир системада жашап, бир тагдырды баштан кечирсе дагы учурдагы пост-социалисттик өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн мүнөзүнө, багытына сереп салуунун өзү кызык экендигин Энн Эпплбаум белгиледи.

(сүрөт: http://en.wikipedia.org интернет баракчасынан алынды)

XS
SM
MD
LG