Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

4-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


2003-жылдын 4-февралында маалымдоо каражаттары үчүн уюштурган пресс-конференциясында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 2010-жылга чейинки Аскердик доктринасынын кабыл алынгандыгын кабарланды. Өзбекстан ислам кыймылынын жетекчи кеңешинин өкүлү Шерали Акботоев 2003-жылдын 4-январында сот жазасына тартылды.

Энесайлык кыргыздардын саясий жана согуштук дарамети талантуу өкүмдар Эренак башкарган учурда туу чокусуна жеткен. Буга чейин башы кошулбаган кыргыз бектерин бир ордого бириктирген Эренак, 1679-жылы Сибирдеги орус ээликтерине каршы чапкын уюштура баштаган. Ал үчүн ал аскерди экиге бөлүп, Шанды баштаган колду Томскиге багыттап, экинчи колду өзү жетектеп Красноярский багытында жортуул жасаган. Эренактын чапкыны орус ээлигине зор зыян алып келген. Мындан улам Красноярск жана Томь воеводалары биргелешип кыргыздарга каршы жортуул уюштурушкан. И. Гречанин баштаган орус аскерлери 1680-жылдын февраль айынын баш ченинде кыргыздарга каршы аттанган. Орус аскерлеринин чапкыны туурасында маалымат алган Эренак кыштоосун таштап, башка аймакка жер которгон. Жолу болбогон И. Гречанин аларды ордунан таппай артка кайткан. Кыргыздардын 400 чамалуу колу 4-февраль күнү таңга жуук орус лагерин курчап, бирок күтүүсүз кайра артка тартышкан.

Пишпек калаасы Совет бийлигинин башталгыч жылдары Жетисуу областындагы эң шойкумдуу шаар катары таанылган. Жетисуу областынын коомчулугуна 1918-жылдын бул күндөрү Пишпек шаарын Эмен паркында чогулган «бакырчаактар менен зөөкүрлөр» басып алды деген маалымат тараган. Жетисуулук демократтардын пикирине караганда, Эмен паркындагы чогулуш Пишпек шаардык кызыл аскерлер менен жумушчу депутаттар Кеңешинин төрагасы Григорий Швец-Базарныйдын көз боёмоочул саясатын гана канаатандырып калган. Мында өткөн Шаардык кеңештин жыйындары анархиялык абалга жетип, добуштарды саноо ыкмасы көз божомол менен аныкталат деген айып коюлган.

Коргоо министри Эсен Топоевдин 2003-жылдын 4-февралында маалымдоо каражаттары үчүн уюштурган пресс-конференциясында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 2010-жылга чейинки Аскердик доктринасынын кабыл алынгандыгын кабарланды. Министрдин айтымында, доктрина алкагында куралдуу күчтөрдү реформалоо жана анын техникалык, тактикалык сапатын арттыруу багыттары белгиленген. Мындан тышкары, дүйнөлүк масштабдагы террордук кыймылдын күү алышын эске алып, Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн курамында чакан чагылган аракетчил топтун түзүлө тургандыгы маалымдалды.

Өзбекстан ислам кыймылынын жетекчи кеңешинин өкүлү Шерали Акботоев 2003-жылдын 4-февралында сот жазасына тартылды. Баткен райондук соту Кылмыш жаза кодексинин 6-беренесинде каралган жазага ылайык, аны 25 жылга эркинен ажыратуу туурасында бүтүм чыгарды.
XS
SM
MD
LG