Мындай пикирин “Жарандар коррупцияга каршы ” уюмунун жетекчиси Т. Исмаилова “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Ал каржы полициясынын 2003-жылдан бери төлөнбөгөн салыкты төрт жылдан кийин гана байкап, кылмыш ишин ачканынын артында өзүнчө бир саясат турат деген көз карашта. “Центерра голд” ишканасы менен түзүлгөн келишимди парламент депутаттары ратификациялар алдында Кумтөргө каршы чыгымыш болуп, айрымдар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын гана ойлоп жатышат, дейт Т. Исмаилова. Ал эми Жети-Өгүз районунун 5 айылынан келген демилгелүү топ бүгүн бул маселе боюнча СДПК фракциясынын өкүлү Роза Отунбаева менен жолугушат.(MSu)
07:56 Т. Исмаилова: “Кумтөр” менен “Центеррага” каршы кылмыш ишинин козголушунун артында жеке кызыкчылык саясаты турат