Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

16:10 БиБиСи Бишкекте аялдар жана балдардын укугун коргоодо ММКнын ролуна арналган эларалык конференция өткөрөт


8-февралда Бишкекте өтө турган конференцияда аялдар жана балдарга байланыштуу маселелерди чечүүдө массалык маалымат каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу тууралуу сөз болот. Аталган жыйынды Европа комиссиясынын “Борбор Азиядагы аялдардын жана балдардын укугун коргоого ММКны мобилизациялоо” долбоору боюнча БиБиСи Дүйнөлүк Кызматынын фонду уюштурууда. Долбоордун катышуучулары болуп Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан эсептелет. Бул долбоор биринчи кезекте журналисттерди жана бейөкмөт уюм өкүлдөрүн бирдиктүү материалдарды даярдоого жана даректүү тасмаларды тартууга үндөйт. Конференцияга Британиядан, Франциядан, Грузиядан жана башка бир катар өлкөлөрдөн делегаттар келип катышары күтүүлүдө. (ESu)

XS
SM
MD
LG