Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

ООГАНСТАН НАТОго ЖИК САЛДЫ


Литванын борборунда бүгүн НАТОнун коргоо министрлери эки күндүк жыйынга чогулушту. Күн тартибиндеги башкы маселе катары Ооганстанга кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүү проблемасы аталууда. Пентагон НАТОлук өнөктөштөрүн өз милдеттенмесин толук аткарбай жатканы үчүн өткөн айда сынга алган эле.

Вильнюстагы жыйында эмне үчүн Пентагон Ооганстанга кошумча үч миңден ашуун аскер жөнөтүүгө мажбур болуп жатканын Роберт Гейтс өзү НАТОлук министрлерге арай көз чарай отуруп түшүндүрмөкчү. Вашингтон Ооганстандагы бейпилдик озуйпасын жана анын ийгилигин АКШнын эле эмес, бүткүл Европанын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү деп эсептейт.

Ооган жеринде, айрыкча түштүк аймактарда талиптер менен ар кошкон козголоңчулар кайрадан активдеше баштады. Альянстын күчтөрү аларга каршы майнаптуу күрөшө албай жатат, бул аз келгенсип европалык өнөктөштөр алиге чейин кошумча контингент жиберишкен жок. Түштүк Ооганстандагы операцияларга азырынча АКШнын, Британиянын, Канада менен Голландиянын бөлүктөрү гана катышууда. Эгер бул аймакка НАТОлук башка өлкөлөр кошумча күчтөрүн жөнөтүшпөсө, анда өзүнүн жоокерлерин түгөл чыгарып кетерин Канада өткөн айда атайын эскертти.

Азырынча Германия гана Кабулдан түндүк аймактарда жайгаштырылган өзүнүн үч миңдей контингентин быйыл жайга барып дагы 200-250 жоокер менен толуктаганга макул болду. Бирок аларды түштүк райондорго жөнөткөндөн Берлин баштагыдай эле караманча баш тартты. Буга парламент мандат берген эмес, деп түшүндүрдү өлкөнүн коргоо министри Франц Юнг. Ооганстандын түштүк аймактарына кошумча күчтөрдү жөнөтүүдөн Франция, Испания, Италия жана Түркия да баш тартууда.

Литвага келер алдында Гейтс конгресстин тийиштүү комитеттери өткөргөн кошмо жыйында сүйлөп, НАТО “эки катмарлуу альянска айланып баратканына” камтамачылыгын билдирип, “анын бир жааты коопсуздукту коргогонго даяр турса, экинчи бөлүгү муну каалабай” жатканын белгиледи.

Бүгүн башталып жаткан жыйында, Литванын коргоо министри Юозас Олекас ырастагандай, ооган проблемасынан тышкары альянстын ички реформасына, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу келечегине, Косового байланыштуу маселелер да талкууланат. Күн тартибинде ошондой эле энергетика тармагындагы коопсуздук проблемалары да бар.

Эки күндүк жыйында ырасмий эч кандай документ кабыл алынбайт, НАТОлук министрлер бу жолугушууну альянстын апрелде Бухарестте боло турган жогорку деңгээлдеги саммитине даярдык катары карашууда.

Вильнюста мындан тышкары Россия-НАТО кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG