Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

ПУТИН БАТЫШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ОРУСИЯГА КАРАТА САЯСАТЫН СЫНГА АЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын президенти Владимир Путин 8-февралда Мамлекетик кеңеште чыгып сүйлөп, батыш өлкөлөрүнүн Орусияга карата жүрүзүп аткан саясатын кескин сынга алды. Путин америкалык аскер базалардын кеңейип атышын, Польша менен Чехияда абадан болуучу ракеталык соккуга каршы курула турган системаны сындап өттү. “Андыктан өлкө өзүнүн куралдуу күчүн чыңдоо багытында иш жүргүзүшү керек” деп билдирди орус президенти.

8-февралда Кремлде өткөн жыйында орус лидери анча деле өзгөчө сын айтпады. Ал жеринен айтып келе жаткан НАТОнун кеңейиши жана анын куралынын огу Орусияга карай багытталышы туурасында кеп болду. Владимир Путин буларга токтолду:

-НАТО уюму кеңейүүдө. Анын согуштук ар кыл түзүлүшү биздин чегарага жакындап кирип келди. Биз болсо, Кубадагы, Вьетнамдагы аскер базаларыбызды жойгонбуз. Анын ордуна биз эмне алдык? Румыния, Болгарияда америкалык жаңы базалар пайда болду. Жаңы ПРО системасы Польшада, анын элементери Чехияда курулганы турат.

Байкоочулар оозундагы кепте, бул Путиндин кийинки жылдары айтып келе жаткан турулуу кеби болсо да, анын артында куралдануу боюнча жарыштын жаңы этабын баштоо маанайы бар кулак какты сөз. Вашингтондогу «Көзкарандысыз институтун» эксперти Айвенд Иланд орусиялык лидердин кабатыр болушунун жөнү бар экенин айткан:

-Биз орусиялык кызыкчылыкка тийешелүү маани бербей келебиз. Эмне дегенде батыш дагы эле Советтер Союзу менен күрөшүп аткандай саясат жүргүзүүдө. Путиндин каалаганы 2020-жылга дейре өлкөсүн тың коргоп алгыдай куралдуу күч даярдоодо болуп атат. Ошол эле учурда америкалык-орусиялык алаканы мен келечектүү деп эсептейм. Эмне дегенде, эки тарптан тең бири бирине болуучу коркунуч жок.

Буга каршы пикирди ошол эле «Көзкарандысыз институттун» алдындагы америкалык-орусиялык алаканы изилдөө программасынын директору Пол Сандерс биздин кабарчы менен болгон маегинде айткан:

-Азыркы тапта Орусияда абдан татаал саясий процесс жүрүп атат. Бул президент Путиндин сүйлөгөн сөзүнөн абдан байкалды. Чын-чынына келгенде Путин айтып өткөн Румыния менен Болгариядагы америкалык базалар менен жаңыдан куралдануунун ортосунда эч кандай жалпылык жок. Аскерий көз караштан алып карап, ал базаларда кандай согушка жараар күчтөр топтолгонун билсе, анда Батыш тараптан Орусияга согуштук коркунуч бар деп ооз толтурган олуттуу кеп болбос эле.

XS
SM
MD
LG