-Башында “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров турган Революциялык комитет кечээ жыйын өткөрдү. Бирок анда айтылган маселелер тууралуу ачык айтуудан баш тартышууда. Ушинтип жашыруун иш жүргүзүүдөн комитет президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү тууралуу максатына жетиши мүмкүнбү? Дегеле алардын ушундай жыйын өткөрүүсүнө эмне түрткү болуп, эмне мажбурлап жатат?
-Азимбек Бекназаровдун бул жолгон түшкөн себеби башка мамлекеттерде болгон саясий тарыхый күрөштө көрүнүштөр кайталанып келүүдө. Анткени Азимбек Бекназаров депутат болуп турган убакта өзү айткан “биз азыркы президентти ишке алып келип, үйүндө отурган жеринен президент кылганбыз” деп. Ошол маалда башкы прокурор болуп, депутат болуп бир топ мамлекеттик деңгээлде иштеп калган. Ал жерден шайлоодон өтпөй калгандан кийин булардын бардыгы бийликке кайра кайтып келүү жолун издеген. Чын-чынына келгенде бийлик бул саясий күчтөрдүн күрөшү. Ошол күрөштүн байгеси – бийлик болот. Ошондуктан булар көмүскө түшүп, өзүнүн каалаган, ойлогон иштерин аткарууга даярданып жатат.
-Демек бул жолу бийликке жетүү гана аракети жасалып жатат деген ойдо турбайсызбы?
-Чынын айтканда биз кээде адамдардын мүнөзүн, өңүн, анын кадыр-баркын карап туруп айтабыз, “ай, бул мыкты жигит экен, бул өзүнчө кызык жигит экен” деп. Чынында, оппозиция болобу, партия болобу, булардын максаты – бийликке келүү. Ошондуктан булар өз жолу менен оппозицияны угуу менен бийликке келебиз деп жатышат. Бирок бул илгертеден бери эле бийликке барам деген жол. Бул Александр Биринчини өлтүргөн же болбосо, ошол эле Ирландская Революционная армия, же Кызыл бригадалардын жолу. Бул саясат күрөшүндө радикалдык жол. Андыктан бул өтө опурталдуу нерсе.
-Бирок алар өздөрү Курманбек Бакиев 2005-жылы март ыңкылабынын алдында берген сөздөрүнүн бирин аткарган жок деп айтып жатышат. “Аксы окуясы аягына чыккан жок. Үйбүлөм эл башкарууга кийилигишпейт, деген сөзүн аткарган жок. Ошондой эле элдин турмушу оңолуп, коррупция азаят деген максаттардын бири дагы аткарылган жок. Биз ошон үчүн президентти кызматтан кетиребиз” деп жатышат.
-Азимбек Бекназаров өзү юрист, прокурор сот болгон. Акыры баш прокурор болгон. Бул мыйзамдын чеги бар да. Адам деген эгерде президентти шайлап алса, ошол мөөнөтүнө чейин чыдаш керек. Эгерде чыдабай турган болсо, анда Башмыйзамдын негизинде 300 миң кишиден кол топтоп, референдум өткөрүшү керек. “Менин кызыкчылыгым, же болбосо мамлекетке каршы чыккан элдин кызыкчылыгы” деп эле кызылкулактык кылууга болбойт. Ошондуктан бул туура жол эмес. Мен айтышым керек - бул опурталдуу жол. Анын байгеси - бийлик же болбосо, министрдин же башкы прокурордун тагы турат. Андан башка кызыкчылык жок.
-Демек сиздин баамыңызда, бул жерде кайрадан эле бийликке жетүү аракети болуп жатат?
-Өзүңүз деле карап көрсөңүз, президентти катуу сынга алган адамдардын бардыгы эле бирөө министр, экөө депутат, бирөө губернатор болгондон кийин эле тынчып калышпадыбы. Мен ойлойм, муну тынчытуу үчүн үч-төртөөнө министрлик кызмат берсе, мунун бардыгы кетет, чыгат. Бирок кайра ошондой ишке барчу адамдар дагы эле өнүп чыгат.
-Маегиңиз үчүн рахмат.