Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

10:23 С.Сыдыкова: Чүй облсоттун төрагасынын кызматын Чубак Абышкаевге бошотуп бергем


Парламентте С.Сыдыкова өмүр баяны жөнүндө маалымат берди. Ал 1954-жылы Өзгөн районундагы Мырзаке айылында кызматкердин үйбүлөсүндө туулган. 1978-жылы Улуттук университеттин юридикалык факультетин сырттан бүтүргөн. Ош шаардык сотунда катчы,1973-75-жылдары Ноокен райондук соттун жооптуу катчысы болуп иштеген. 1985-жылдардан кийин комсомолдук, партиялык кызматтарда эмгек жолун улаган. Сыдыкованын айтымында, 1990-99-жылдары Майлысай шаардык сотунда, кийинчерек Чүй облустук сотунун төрагасы болуп кызмат өтөп жүрүп Чубак Абышкаевге өз каалоосу менен облсоттун кызматын бошотуп берген. 2003-жылы Москва райондук сотун жетектеп, кийнки бир жарым жылдан бери Конституциялык соттун судьсы болуп иштеп келген. Президенттин сунушу менен Конституциялык соттун төрайымдыгына талапкерлиги көргөзүлгөн Светлана Сыдыкованы дайындоого макулдук берүү маселеси учурда парламентте каралууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG