Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

12:52 «Таза коом»: Мэриянын чакырыгы – президенттик шайлоого карата упай топтоо аракети


«Таза коом» саясий партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров Бишкек шаар мэри Даняр Үсөновдун шаардын ишкерлерине кайрылуусун ушинтип баалады. Шаар мэри «Сүйүктүү шаар» программасынын алкагында өтө жарды жана майып тургундарга социалдык ырааттуу колдоо көрсөтүүнү сурап 7 миңден ашык ири ишканалардын, базарлардын, коммерциялык банктардын жетекчилери баштаган бишкектик ишкерлерге кайрылды. Бишкек шаар бийлигинин маалыматына караганда, азыр каттоодо аз камсыздалган 21 миң үй-бүлө бар. Мэрия өтө жарды, ар кандай деңгээлдеги майыптыгы бар 16 миңге жакын шаардык тургунга бөлүштүрүү жолу менен, туруктуу жардам көрсөтүүнү ишкерлерге сунуштоодо. Басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бул демилге ишкерлердин эркине жараша ишке ашат. (BuS)

XS
SM
MD
LG