Өлкө парламентинин кош палатасында бир нече айлампага созулган добуш берүү кечээ жыйынтыкталды. Мамлекет башчысынын кызматын 2003-жылдан берип аркалап жаткан Васлав Клауска атаандаш катары экономист окумуштуу Ян Швейнар чыккан эле. Аны оппозициядагы Социал –демократтар партиясы колдогон. Васлав Клаус Чехия президенти катары бир ирээт Кыргызстанга да иш сапары менен келип кеткен.