Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

АРМЕНИЯДАГЫ ШАЙЛОО КЫРГЫЗСТАНДЫК СЕРЕПЧИЛЕРДИН КӨЗҮ МЕНЕН


Бүгүн Арменияда өтүп жаткан президенттик шайлоого кыргызстандык серепчилер да көз кырын салып турган учур. Алардын көпчүлүгү бүгүнкү ат салышта азыркы премьер-министр Серж Саркисян утуп чыгат, деген божомолун айтышууда. Айрым байкоочулар болсо шайлоодо Орусиянын колдоосуна ээ болгон тарап жеңишке жетиши ыктымал дешет.

Армениядагы бүгүнкү президенттик шайлоого тогуз талапкер ат салышууда. Алардын ичинен азыркы премьер-министр, Республикачылар партиясынын лидери Серж Саркисян, «Оринац Еркир» партиясынын лидери, мурдагы парламент төрагасы Артур Багдасарян жана Армениянын экс-президенти Левон Тер-Петросяндын аттары шайлоо өнөктүгү учурунда көбүрөөк аталган, эл аралык серепчилер негизги күрөш булардын ортосунда болорун болжолдоп келишкен.

Армениядагы президенттик шайлоо тууралуу пикирин сурап кайрылган Кыргызстандык серепчилер дээрлик бир ооздон азыркы өкмөт башчы Серж Саркисянды жеңишке жетет, деп эсептешерин билдиришти.

Мурдагы тышкы иштер министри, эл аралык саясат жана өнүгүү фондунун жетекчиси, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун ою боюнча Серж Саркисян президент Роберт Кочеряндын түздөн-түз мураскери катары жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгү чоң:

-Анткени ал президент Кочерян менен абдан жакын дос, экинчиден экөө тең Карабахтан чыккан. Ал эми Тер-Петросян жеңишке жетише албайт деп ойлойм. Себеби ал бийлик башында турган учурда Арменияда энергетикалык кризис болуп, баалар өскөн. Жалпы эле экономикалык жактан кыйынчылык болуп, ал мөөнөтүнөн мурда бийликтен кеткен.

Эл аралык серепчилер шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Тоолуу Карабах маселеси Серж Саркисяндын негизги атаандашы, Армениянын биринчи президенти Тер-Петросянга каршы коюлган негизги көзүр болгондугун айтышкан эле. Алар талапкерлер келечекке койгон максатына караганда Тоолуу Карабах маселесинин айланасында мурда болгон окуяларды чукуп туруп алышканын белгилешкен.
Аликбек Жекшенкулов бул маселе бүгүнкү күнү да айыкпаган жара катары калып жатканын белгилеп, экинчиден Серж Саркисян Кочерян сыяктуу эле “карабахчылардан” экенин эскертти:

-Бүгүнкү күндө Тоолуу Карабахтын тагдыры чечиле элек, эл аралык коомчулук тааныбай, көп кыйынчылыктар жаратууда. Шайлоодо бул фактор дагы ойнойт. Анын үстүнө Кочерян бийликке келгенден тартып өлкөдө туруктуулук орноп, экономикалык өсүштөр болуп, инвестициялар көбөйө баштаган,

-деди мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов.

Армениядагы президенттик шайлоо бардык мурдагы союздук өлкөлөр сыяктуу эле адилет өтпөйт, деген божомолдор бар. Мындай пикир ээлери буга чейинки шайлоолордо да бурмаланууларга жол берилгенин баса белгилешет.

Саясатчылардын бири Табылды Акеров КМШ мамлекеттеринде бийлик шайлоонун жыйынтыгын өзү каалагандай бурмалап алуу системасын түзүп, аны терең орнотуп алды, дейт:

-Акыркы он беш жылдан бери шайлоо системасынын бардык жагын өздөштүрүп бүтүштү. Бийлик аны өзүнө ыңгайлуу механизмге апкелип алды да, ошол механизм менен жеңил утушка жетишип атат. Анын ичинде административдик ресурс колдонуу, элди алдоо, добуштарды сатып алуу жана башка жолдор менен бийлик өзү каалаган натыйжага ээ болуп атат.

Табылды Акеровдун Армениядагы шайлоо адилет өтпөйт деген пикирине “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова да кошулат. Ал айрым КМШ мамлекеттериндегидей болуп, бийлик жүргүзүп жаткан президент Роберт Кочерян мыйзамдан тыш кийинки мөөнөткө барбаганы менен шайлоо баары бир анын мураскеринин пайдасына чечилет, деп эсептейт.

Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн геосаясатына да байланыштуу, расмий Москва Армениянын президенти катары кимди көрүүнү кааласа, ошондой болот, деген пикирлер да бар. Саясатчы Табылды Акеровдун пикиринде Армения өзү геостратегиялык жактан Орусиядан көз каранды:

-Себеп дегенде ары жагында Түркия, бери жагында Азербайжан турат. Талаштын баары - ошол чекте, жер маселесинде. Ошондуктан, талапкерлер өздөрү да Орусиянын саясатын карай сүйлөбөсө жеңиштүү жыйынтыкка жетише албайт,

Табылды Акеров белгилегендей шайлоонун алдында Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн Ереванга байма-бай каттоосу орус тарап Саркисянды колдогонун көрсөтүп турат.

Арменияда өтүп жаткан шайлоого жергиликтүү жана чет элдик уюмдардан баардыгы 13 428 байкоочу көз салышмакчы. КМШ өлкөлөрүнүн байкоочуларынын арасында Кыргызстандан барган байкоочулар да бар. БШК маалыматы боюнча бүгүн кыргызстандык 3 өкүл Еревандагы добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып атышат. Ал эми бейөкмөт уюмдардан байкоочулар барган жок. Буга КМШ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү шайлоолорго көз салган ЕНИМО уюмунун курамына Армения кирбей калгандыгы себеп болгон.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG