Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

ГАЗ БОЛСО БАР, АНЫ ИЗДЕШ ЭЛЕ КЕРЕК


Кечээ кечинде Кыргызстанга орусиялык “Газпром” компаниясынын башчысы Алексей Миллер келди. Бүгүн ал өкмөт башчы, тийиштүү тармак жетекчилери менен жолугушат. А.Миллер кыргызстандык жетекчилер менен энергетика тармагын инвестициялоо, газ, мунай чыкчу жерлерди чалгындоо маселелери, ошондой эле бир катар маанилүү экономикалык проблемалар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзөрү маалымдалууда.

Орусиялык “Газпром” ачык акционердик коомунун Кыргызстандагы ишмердиги “Газпромнефть-Азия” компаниясынан башталган. Анын май куюучу жайлары республиканын дээрлик бардык аймактарын камтып, ушу тапта тармактагы үстөмөндүк абалды ээлеп турат. “Газпром” аны менен эле чектелбей, Кыргызстандагы мунай, газ чыкчу жерлерди чалгындоо иштерине каражат бөлүп, “Кыргызгаз” акционердик коомунун акцияларынын контролдук пакетине ээлик кылууга кызыкдарлыгын билдирүүдө.

Кыргызстан өкмөтү жакынкы эки, ага улай 2025-жылга чейинки энергетика тармагында аткарылчу иштерди аныктаган атайын программа кабыл алды. Ага ылайык алдыдагы беш жыл ичинде табигый газды казып алуунун көлөмүн 300 миллион кубометрге жеткирүүнү болжолдоодо. Мынчалык өлчөм Кыргызстан калкынын табигый газга карата муктаждыгын канааттандырууга жарайт. Бирок да ал өнөр жай ишканаларына, коммерциялык керектөөлөргө жетпейт. Айла жок , жетишпеген отунду Кыргызстан баары бир коңшу өлкөдөн сатып алууга аргасыз.

- Бул жерде айта кетиш керек,- дейт Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана минералдык ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков,- газдын бир бөлүгү менен мунай жагынан башка өлкөлөргө көз каранды бойдон кала беребиз. Ал эми электр энергиясы, көмүр жагынан биз өзүбүздү өзүбүз камсыздоого жетишибиз керек. 2025-жылга энергетикадагы жоготууларыбыз 11% ашпашы абзел.

Мунай жагынан Орусия менен Казакстанга, газ боюнча Өзбекстан менен алака-катыш жасап келаткан Кыргызстандын аймагында деле карамай менен табигый газдын кыйла запасы бардыгын окумуштуулар кыйладан бери айтып келатышат. Андай божомолдордун чын-бышыгына жетиш үчүн геологиялык чалгындоо, изилдөө иштерин жүргүзүү зарыл. Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун жетекчиси Кадырбек Сакиевдин ырасташынча, союз таркагандан бери бул жаатта жарытылуу иштер жүргүзүлө элек.

- Эгемендик алгандан бери ошондуктан мунай, газ иштетүү боюнча чет элдик фирмаларды чакырууга мажбур болуп жатабыз.


Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов орусиялык “Газпром” ачык акционердик коому мына ушул иштин каражат жагын өзүнө алууга макул болгонун маалымдады.

- “Газпром” жетекчилиги геологиялык–чалгындоо иштерине катышууга макулдугун берүүдө. Аны өздөрүнөн да сурайсыздар. Менин белгилей кетерим, алар газ өндүрүүнүн көлөмүн бир жылга 300 миллион кубометрге жеткире тургандыгын айтышууда. Албетте, жардамдашат. Жалпысынан биздин калкыбыз жыл бою 270 миллион кубометр газ жагышат. Калган 850 миллион кубометрди жылуyлyк станциялары, өнөр жай ишканалары, коммерциялык керектөөгө жумшалат.

“Газпром” ачык акционердик коомунун башчысы А.Миллер кыргыз өкмөт жетекчиси менен жолугушуунун соңунда журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG