Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

15:45 Кыргызстан кыйноолорго каршы эл аралык Факультативдик протоколго кошулду


Бул тууралуу келишим долбоорун бүгүн ЖК депутаттары жактырышты. Адилет министринин орун басары Сергей Зубовдун маалыматы боюнча Факультативдик протоколго кошулуу Кыргызстанда жаза өтөөчү жайлардагы адам укугунун абалынын жакшырышына өбөлгө түзөт. “Мындан ары эл аралык жана мамлекеттик органдар жаза өтөөчү жайларга бат-бат баруу, ал жердеги айыпкерлердин абалы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат,” дейт ал. Адамгерчиликсиз, ырайымсыз кыйноолорго жана ар-намысты басмырлоочу жазалоолорго каршы Конвенцияга Кыргызстан 1996-жылы кошулган. 2002-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Конвенцияга Факультативдик протокол кабыл алынып, ал 2006-жылдан тарта ишке кирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG