Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:15

БЕЛГРАДДА БҮГҮН “ЖАЛПЫ ЭЛДИК ДЕМОНСТРАЦИЯ” БОЛОТ


Белградга Сербиянын ар кайсы аймактарынан агылып адамдар келе баштады. Бүгүн кечке жуук бул жерде жалпы элдик митинг өткөрүлөт. Кечээ Косовонун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/76B3BBEF-B6DB-49DD-AB61-A38D11272565.asp түндүгүндө бир суткага жабылган чекара кайра ачылды.

Жалпы элдик демонстрацияны бийликтер уюштурууда, ага катышууну каалагандарды поезд, автобус жана башка транспорт каражаттары Белградга акысыз ташып келип жатышат. Бүт мектептер бир күнгө жабылды. Кечке жуук серб парламентинин алдында баштала турган митингде өкмөттүн премьер-министри Воислав Коштуница жалпы улутка кайрылып, сөз сүйлөйт.

Кечээ премьер менен президент сербдерди башаламандыкка жол бербей, Косово үчүн акыл-эстүү кадамдардын аркасында күрөшкөнгө чакырышкан эле. Бийликтер бүгүнкү жыйын да тынч мүнөздө өтөт, тополоң чыкпайт деп үмүт кылууда.

Белграддагы жыйынга Косовонун түндүгүндөгү сербдер да катышат. Бул жерде мурда күнкү окуялардан кийин бир суткага жабылган серб-косово чекарасы бүгүн кайра ачылды. Районго НАТОнун кошумча аскер жана полиция күчтөрү жөнөтүлдү.

Косоводо кечээ Евросоюздун атайын миссиясы ишин баштады, анын составында эки миңдей полицмендер жана юристтер бар. Миссиянын өкүлдөрү Косовонун бүткүл аймактарына, анын ичинде түндүк-батыш райондоруна жайгаштырылат. Евросоюздун атайын өкүлү Питер Фейт буга байланыштуу косоволук сербдерди аймакта калганга жана Косовонун келечеги үчүн башкалар менен бирге ийиндеше иштешкенге чакырды.

Страссбургда Европа кеңешинин жыйынына катышып, Сербиянын тышкы иштер министри Вук Еремич өз кезегинде Евросоюздун бир катар өлкөлөрүн “дүйнөдөгү улутчул жана диний маанайдагы козголоңчул кыймылдардын колуна күчтүү саясий курал бергени” үчүн айыптады. “Сербия Косовонун көз карандысыздыгына эч качан макул боло албайт жана анын толук таанылышына, дүйнөлүк уюмдардын суверендүү мүчөсү болушуна жол бербөө үчүн Белград бардык аракеттерди жасайт”,- деп айтты Еремич.

Ушул максатты көздөп президент Борис Тадич бүгүн Румынияга келгени жатат. Бу жерде ал президент Троян Бэсеску менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Румыния Косовонун Сербиядан бөлүнгөнүн “мыйзамсыз” деп эсептейт жана аны эгемен мамлекет катары тааныбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG