Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:42

13:30 Бишкекте тынчтыкты бекемдөө жана чыр-чатактарды алдын алуу чаралары талкууланат


26-февралда өтө турган жумушчу жолугушууну ПРООНдун Тынчтык жана өнүгүү программасынын колдоосунда Президенттик администрациянын экономика жана социалдык саясат бөлүмү уюштурууда. Жолугушууда жергиликтүү, областтык жана улуттук деңгээлде туруктуу өнүгүүнүн багыттары талкууланат. Ага мамлекеттик башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Талкуунун натыйжасында алынган маалыматтар жарандык коом жана мамлекеттик структуралардын катышуусундагы чыр-чатактарды алдын алуу үчүн улуттук стратегияны иштеп чыгууга колдонулмакчы. Буга байланыштуу бир катар иш-чараларды өткөрүү дагы пландаштырылууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG