Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

17:50 Чоңалай районуна караштуу Кичикарамык участогунда эки тажик жараны суукка тоңуп өлдү


Жергиликтүү тургундардын “Азаттыкка” чалганына караганда, Кичикарамык менен Чоңалай район борборун байланыштырган жалгыз автожол бир нече күн бою бөгөлүп, адамдардын каттоосу токтогон. Ошол маалда Тажикстандан келаткан “Тойота” машинасы да жолдо калган. Анын ичиндеги Тажикстан жарандары Икрам Хабизов, Микрангез Туракулова сырттан жардам күтүп отурган бойдон бороонго кабылып каза тапкан. Ал эми алардын шериктери кыргызстандык Талант Мадинов, казакстандык Нурланбек Сыргабаев коңшу Карамык айылына азык-түлүк, күйүүчү май сураганы барышып аман калышкан. Жергиликтүү тургундар учурда автожол тазаланып, каттам калыбына түшкөндүгүн ырасташты.Бул жөнүндө Чоңалай район акиминин орунбасары Азизбек Ашыралиев 25- декабрда “Азаттыкка” кабарлады.(АТо)

XS
SM
MD
LG